Коом
ГЭС-5 көлмөсүнөн 45 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылды
Элита плюс
Ноябрь 03, 2020 г.
ГЭС-5 көлмөсүнөн 45 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылды
© Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА
ГЭС-5 көлмөсүнөн 45 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылды
© Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА

Чүй облусунун Аламүдүн районунда ГЭС-5 көлмөсүнөн эркек кишинин жансыз денеси табылды. ӨКМнын маалымат кызматына ылайык, маркумдун аты-жөнү белгисиз.

"2-ноябрь күнү саат 19:10до Дачное айылындагы ГЭС-5 көлмөсүндө болжол менен 40-45 жаштагы эркек адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат нөөмөт бөлүмгө түшкөн. Жерине куткаруучулар тартылып, каза болгон жарандын жансыз денесин суудан чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти", - деп айтылат мекемеден.