Спорт
ФУТБОЛ: Тандоо оюндары кийинки жылы өтөт
Элита плюс
Август 14, 2020 г.
ФУТБОЛ: Тандоо оюндары кийинки жылы өтөт
© Элита плюс

Футбол боюнча дүйнө биринчилигинин жана Азия кубогунун тандоо оюндары келерки жылы өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол бирикмеси билдирди. Маалыматта айтылгандай, коронавируска байланыштуу ФИФА менен Азия футбол конфедерациясы дүйнө биринчилигинин жана Азия кубогунун тандоо оюндарын 2021-жылы өткөрүү чечимин кабыл алган. Буга чейин тандоо оюндарын октябрь-ноябрь айларында өткөрүү пландалган. Келерки жылы боло турган тандоо оюндарынын өтө турган күндөрү жакында белгиленет. Белгилей кетсек, футбол боюнча дүйнө биринчилигине жана Азия кубогуна тандоо турунун алкагында Кыргызстан F тайпасына жайгашкан. Ал тайпада Кыргызстан менен бирге Япония, Монголия, Тажикстан жана Мьянманын курамалары бар.