Спорт
Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасы ФИФАнын рейтингинде 96-орун менен жылды жыйынтыктады
Элита плюс
Декабрь 11, 2020 г.
Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасы ФИФАнын рейтингинде 96-орун менен жылды жыйынтыктады
© Элита плюс

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы ФИФАнын (Эл аралык футбол ассоциациясы) жаңыланган рейтингинде 2020-жылды 96-орун менен жыйынтыктады. Жаңыланган рейтинг ФИФАнын сайтына жарыяланды.

Бул рейтинг ноябрь айындагы рейтингден дээрлик айырмаланбайт. Учурда "Ак шумкарлардын" карамагында 1 миң 240 упай бар. Ал эми Азия футбол конфедерациясынын (АФК) өлкөлөрүнүн рейтингинде Кыргыз курама командасы 16-орунда турат.

Башкы машыктыруучу Александр Крестининдин жетекчилиги астында Кыргыз курамасы 2020-жылы бир дагы оюн өткөргөн жок.

ФИФАнын жаңыланган рейтингинин сап башында Бельгия (1780 упай) командасы жайгашса, Франция (1755 упай) курамасы экинчи орунга жана Бразилия курамасы (1743 упай) үчүнчү орунга жайгашты.