Дүйнөдө
Франциянын жараны музда 2 саат 35 мүнөт туруп дүйнөлүк рекордду жаңылады
Элита плюс
Декабрь 21, 2020 г.
Франциянын жараны музда 2 саат 35 мүнөт туруп дүйнөлүк рекордду жаңылады
© Элита плюс

Франция жараны Ромен Вандендорп муз салынган идиште 2 саат 35 мүнөт 33 секунда туруп, дүйнөлүк рекордду жаңылады. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.

Белгилүү болгондой, контейнердин ичине майдаланган муз толтурулуп, Ромен Вандендорп анын ичинде турган. Контейнердин ичиндеги абанын температурасы -18ди көрсөткөн. Бул процессти "Гиннесстин рекорддор китебинин" өкүлдөрү карап турушкан.

Ромен Вандендорп рекордду жаңылоо үчүн эки жыл аралыгында музда туруу боюнча машыгуу жасаган.

Буга чейин кытайлык Цзинь Сунчао 2014-жылы 4-сентябрда музда 1 саат 53 мүнөт убакыт туруп, "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген.