Дүйнөдө
Франция: Карантин чаралары күчөтүлдү
Элита плюс
Август 17, 2020 г.
Франция: Карантин чаралары күчөтүлдү
© Элита плюс

Францияда коронавирус инфекциясын жуктурган учурлар акыркы күндөрү күн санап көбөйүүдө. Жергиликтүү бийлик буга байланыштуу вирусту ооздуктоо чараларын күчөттү. Лувр музейи жана Елисей аянты сыяктуу адам көп чогулган жерлерде бет кап тагынып жүрүү милдеттендирилди. Эрежеге баш ийбеген жарандарды тартип сакчылары көрүп калса ошол жерде жоопко тартат. Полиция кызматкерлеринин ыйгарым укуктары кеңейтилди. Мыйзамга ылайык 10 кишиден ашык кардарды тейлеген, ошондой эле санитардык эпидемиологиялык эрежелерди сактабаган жайлар жазаланат. Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, өлкөдө күнүнө 2000 ге чукул жаңы учурлар катталууда. Францияда дээрлик бардык көчөлөрдө бет кап тагынуу милдеттендирилди. Негизиги көчөлөргө көзөмөлдөө пункттары орнотулуп, мыйзамга баш ийбегендерге 135 евро айып салынмакчы.  

Расмий маалыматтарга ылайык, Францияда вирус 219 миң адамга жайылган. Анын ичинде 30 миңден ашуун бейтап көз жумду.