Коом
Форма-2 жоюлганына байланыштуу Бишкекте шайлоочулардын саны азайды
Элита плюс
Декабрь 23, 2020 г.
Форма-2 жоюлганына байланыштуу Бишкекте шайлоочулардын саны азайды
© Элита плюс

Форма-2 жоюлганына байланыштуу өлкөнүн кээ бир аймактарында шайлоочулардын саны азайды. Бул тууралуу бүгүн 23-декабрда БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

"Бишкек шаарында жана Чүй облусунун Аламүдүн, Сокулук райондорунда шайлоо тизмесине кирген жарандардын саны азайганы байкалууда. Өткөн шайлоого салыштырмалуу добуш берүүчүлөрдүн саны 21 миң 800 адамга кыскарды. Бул 2020-жылдын 23-декабрына карата алынган маалыматтар. 10-январга белгиленген шайлоодо жарандар паспортунда жазылган дарек боюнча гана добуш бере алышат" , - деди Шайлдабекова.