Коом
Финпол: "Тайырбек Сарпашев 500 гектардан ашык жерди мамлекетке кайтарып берди"
Элита плюс
Декабрь 01, 2020 г.
Финпол: "Тайырбек Сарпашев 500 гектардан ашык жерди мамлекетке кайтарып берди"
© Элита плюс

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Тайырбек Сарпашев 500 гектардан ашык жерди мамлекетке кайтарып берди. Бул тууралуу финполдун басма сөз кызматынан билдиришти.

Финансы полициясы мурдагы биринчи вице-премьер-министри Сарпашевге карата мыйзамсыз баюу фактысы боюнча ишти тергеп жатат. Тергөөнүн жүрүшүндө Тайырбек Сарпашев Токтогул районунда жайгашкан мурда сатылып алынган жана өзүнүн жакын туугандарына катталган 500 гектар жайыт жерин, ошондой эле 30 гектар сугат жерин өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына кайтаруу ниетин билдирди.

Кийинки жумада Сарпашев жогоруда аталган жер тилкелерин Токтогул районунун Торкен айылынын балансына кайтарып берет. Учурда сотко чейинки өндүрүш уланууда.

27-ноябрда Финпол тарабынан Тайырбек Сарпашевге мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кылмыш иши козголгондугу кабарланган. Ал эми кечээ суракка чакырылган.