Коом
Финпол: Моргдогулар маркумдун туугандарынан акча талап кылышкан
Элита плюс
Июль 21, 2020 г.
Финпол: Моргдогулар маркумдун туугандарынан акча талап кылышкан
© Элита плюс

Бишкектеги өлүкканада маркумдардын туугандарынан акча талап кылган фактылар катталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы кабарлады. Буга чейин социалдык тармактарда өлүккананын кызматкерлерине 167 миң сом төлөгөнүн айткан жарандын билдирүүсү тараган. Ошондой эле жергиликтүү маалымат каражаттарына кайрылып, өлүкканадагы пара талап кылуу көрүнүштөрү тууралуу айткандар болду. Финансы полициясынын маалымат кызматына бул көрүнүштөр тууралуу жашыруун билдирүүлөр түшкөн. Кылмышка Республикалык патолого-анатомиялык бюронун кызматкерлери шектелүүдө. Мекеменин маалыматына караганда, каза болгон туугандарын сойдургусу келбеген жарандардан, ошондой эле сөөктү кезексиз алып кетүү үчүн пара сураган кызматкерлер болгон. Финасы полициясы бул фактылар боюнча Жазык кодексинин 238-беренесине ылайык сотко чейинки өндүрүштү баштады.