Коом
Финпол: 30 миллион сомдук мыйзамсыз товар кармалды
Элита плюс
Август 06, 2020 г.
Финпол: 30 миллион сомдук мыйзамсыз товар кармалды
© Элита плюс

5-августта Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлери Чүй облусунда ири көлөмдөгү чылымды аныктады. Хунчи айылында ири  жүк ташуучу унаа кармалып, аны текшергенде  ар кандай аталышта акциздик маркалары жок тамеки продукциясы табылды. Жалпы 1 миң 174 кутучаны түзөт (ар бир кутуда 500 даана). Кармалган товардын болжолдуу суммасы 30 миллион сомдой. Учурда аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө.