Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасын кароо башка күнгө жылдырылды
Элита плюс
Декабрь 25, 2020 г.
Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасын кароо башка күнгө жылдырылды
© Элита плюс

Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасын кароо башка күнгө жылдырылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

"Бүгүн Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасын өзгөртүү маселеси Бишкек шаардык сотто каралбай калды. Себеби ал киши СИЗОдон сотко алынып келинбептир. Мыйзамга ылайык, Ниязов соттук отурумда катышышы керек. Коронавируска байланыштуу СИЗОдон кишилерди алып чыкпай жатышкан экен. Мындан улам соттук отурум 28-декабрь саат 14:00дө өтө турган болду", - деди ал.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Фарид Ниязов Биринчи Май райондук соттун чечими менен 10-февралга чейин камакта калтырылган.