Коом
Фарид Ниязов жана Темирлан Султанбеков эки айга камалды
Элита плюс
Октябрь 13, 2020 г.
Фарид Ниязов жана Темирлан Султанбеков эки айга камалды
© Элита плюс

12-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасын карады.

Фарид Ниязов 10-декабрга чейин №21 абакка камакка алынды. Ошондой эле «Социал Демократтар» партиясынын өкүлү Темирлан Султанбеков жана Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаев да эки айга камакка алынды.

Буга чейин 5-9-октябрь күндөрү Бишкектин борбордук аянтында массалык башаламандыктарды уюштурууга тийиштиги барларды аныктоо үчүн «Массалык башаламандыктарды уюштуруу» беренеси менен кылмыш иши ачылган.

Анын алкагында Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов да эки айга камакка алынды.

Темирлан Султанбеков 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого «Социал-демоктраттар» партиясынан катышкан. Анын кармалуусуна нааразылык билдирген жарандар социалдык тармактарда билдирүү жазып жатышат.