Коом
Фарид Ниязов 10-февралга чейин камакта калтырылды
Элита плюс
Декабрь 06, 2020 г.
Фарид Ниязов 10-февралга чейин камакта калтырылды
© Элита плюс

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Фарид Ниязов 10-февралга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев билдирди.

"Бүгүн сотто Канат Сагымбаев менен Фарид Ниязовду камакка алуу мөөнөтүн узартуу боюнча прокурорлордун өтүнүчү каралды. Канат Сагымбаев үй камагына чыгарылды. Ал эми Фарид Ниязов 10-февралга чейин камакта калтырылды", - дейт Жоошев.

Фарид Ниязов менен Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Канат Сагымбаев Кой-Таш окуясынан тышкары Жазык кодексинин 264-беренеси ("массалык баш аламандыкты уюштуруу") боюнча дагы айыпталып жатышат.