Дүйнөдө
Facebook саясий жарнамаларды чектейт
Элита плюс
Сентябрь 04, 2020 г.
Facebook социалдык тармагы АКШдагы президенттик шайлоого бир апта калганда саясий жарнамаларды чыгарбоо чечимин кабыл алды. Компаниянын негиздөөчүсү Марк Цукерберг акыркы күндөрү америка коомунда пайда болгон карама-каршылыктардын күчөп кетишин ооздуктоо максатында мындай чечим алууга мажбур болгондугун билдирди. Цукерберг фэйсбук аркылуу саясий идеялар жарыяланып, мунун арты массалык башаламандыкка айланып кетүү коркунучу бар экендигин кошумчалады. АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрда өтөт. Шайлоодо Дональд Трампка демократтардын атынан талапкер Жо Байден атаандаш болууда.