Дүйнөдө
Еврова: Испания, Франция чек араларын ачты
Элита плюс
Июнь 22, 2020 г.
Еврова: Испания, Франция чек араларын ачты
© Элита плюс

21-июнда Франция менен Испания Европада коронавирус пандемиясы күчөгөндөн кийин жалпы чек араны ачты. Мамлекеттердин ортосундагы жол кыймылы калыбына келтирилди.

Чек арадан өтүүгө тыюу салуу Испания тарабынан алынып салынган.

Учурда Пертиус өткөрүү пунктунда Франция тарапта Испанияга караганда трафик жигердүү иштеп жатат. Көпчүлүк каталондуктар жакындарын көрүү үчүн Францияга барышкан.

Ал арада француздар Испанияга, негизинен, соода үчүн баратышат. Бир катар азык-түлүк товарлары, анын ичинде эт коңшу мамлекетте арзаныраак экендиги белгилүү. Ошондой эле Испанияда тамеки жана косметикалык каражаттар Франциядагыга караганда арзаныраак.

Белгилей кетсек, 15-июнда Франция ЕБ жарандарынын чек араларын кесип өтүүсүнө тыюу салган. Эки өлкөнүн ортосундагы байланышка тыюу салуу дээрлик 100 күнгө созулду.