Дүйнөдө
Европанын экинчи толкунга даярдык көрүүдө
Элита плюс
Сентябрь 04, 2020 г.
Европанын экинчи толкунга даярдык көрүүдө
© Элита плюс

Европанын бир катар өлкөлөрү экинчи толкунга даярдык көрүп баштады. Алсак Улуу Британиянын өкмөтү вирус менен күрөшүүгө жарым миллиард фунт стерлинг бөлүүнү көздөөдө.  Улуу Британиянын өкмөтү калк жыш жайгашкан ири шаарларда коронавируска карата экспресс тесттерди жүргүзүү үчүн жарым миллиард фунт стерлингди бөлүп берүүнү ниеттенүүдө. Биринчи кезекте, Манчестер жана Хэмпшир шаарларында жашаган тургундар тесттен өтүшөт. Саламаттык сактоо министрлигинин айтмында бул долбоордун максаты эпидемиянынын жайылышын ооздуктоо жана оорунун белгилерисиз вирусту алып жүргөн адамдарды аныктоо. Ошондой эле өкмөт окуучулардын жана студенттердин ата - энелерине кайрылып,вируска каршы вакцинанын экинчи фазасын ийгиликтүү жыйынтыктоосу үчүн жаштардын колдоосу керектигин билдирди.  “Бархат сезонун” алдында, жылуу өлкөлөргө негизинен эс алууга улгайган адамдар барат. Лондон Португалияда кайтып келгендер карантинге алынбайт деп расмий түрдө билдирүү таратты.  90 миңден ашык коронавирус инфекциясы катталган Румынияда жогорку окуу жайлар кадимки режимде иштеп баштады. Окуучулар үчүн жатаканалар, аудиториялар жана кампустар кадимки тарипте иштеп окуулар уланууда. Грециянын Лесбос аралындагы качкындар үчүн ачылган лагерде эки апталык карантин күчүнө кирди. Ал эми аптанын ортосунда качкындар арасынан биринчи инфекция жуктурган учур тастыкталды. Эки жарым миң адамга ылайыкталган бул борбордо учурда 13 миңге жакын мигрант жан багууда.