Дүйнөдө
Европада эпидемиологиялык кырдаал начарлай баштады
Элита плюс
Сентябрь 18, 2020 г.
Европада эпидемиологиялык кырдаал начарлай баштады
© Элита плюс

Европада коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык кырдаал начарлай баштады. Бирок дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европадагы аймактык директору Ханс Клюгге билдиргенин чет элдик басылмалар жазууда. “Биз оор абалга туш болгону турабыз. Коронавирус жуктурган жаңы учурлардын саны март айындагыдай кайра өсө баштады. Эске салсак, мартта Европада ооруга кабылгандардын саны өсүп, оорунун жогорку чекке жеткен убагы болгон. Европа мамлекеттеринин теңинен көбү акыркы эки жумада ооругандардын саны 10 пайызга өскөнү байкалууда", - деди ал. Клюгге белгилегендей, коронавирус 25 жаштан 41 жашка чейинкилердин арасында көп катталууда. Буга байланыштуу адис COVID-19 менен күрөшүүдө бардык Европа мамлекеттерин тилектеш болууга чакырды.