Дүйнөдө
Европа: Калктын жайкы эс алууга чыгышы менен вирус көбөйдү
Элита плюс
Август 11, 2020 г.
Европа: Калктын жайкы эс алууга чыгышы менен вирус көбөйдү
© Элита плюс

Европада калктын басымдуу бөлүгү жайкы эс алууга чыгышы менен вирусту жугузуу учурлары да көбөйдү. Мындан улам кайрадан жергиликтүү деңгээлде обочолонуу режими киргизилди. Ирландияда Дублинин батыш тарабындагы үч округдун калкы дагы кеминде эки жума үйдө калууга аргасыз болушат. Бул аптанын эс алуу күндөрү Румыниянын деңиз жээктери бош турат. Мейманканаларда учурда 130 миңден ашуун турист бар-бул ушул жылга карата обсолюттук рекорддук көрсөткүч. Көпчүлүк эс алуучулар вирусту жуктуруп алуудан эмес, айып пул төлөөдөн корккону үчүн социалдык аралыкты сактап жатышканын айтышат. Гаагадагы пляждарда киши сейрек, голландиялыктардын көпчүлүгү жылдагыдай эле башка өлкөлөрдө эс алууга кетип калышкан. Ага карабастан, Түндүк деңиздин жээгинде эс алуучулар көп.