Коом
Этностор аралык мамилелер боюнча кеңешме өттү
Элита плюс
Сентябрь 03, 2020 г.
Этностор аралык мамилелер боюнча кеңешме өттү
© Элита плюс

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги, элдин биримдигин жана этностор аралык ынтымакты чыңдоо максатында, ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси менен биргеликте “Чыр-чатактардын эртелеп алдын-алуу жана болтурбоо тутумун колдоо” долбоорунун алкагында, Кыргызстан калкы Ассамблеясынын курамына кирген этностук коомдук бирикмелердин жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Кеңешмеде катышуучулар кыргыз элинин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо, коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүнүн жыйынтыктары, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо процесси алдында тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу маселелерин талкуулашты. Тараптар жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү боюнча дагы пикир алышты. Кеңешменин жыйынтыктоочу бөлүгүндө тараптар өлкөнүн жарандарына таза жана ачык шайлоо өткөрүүнү, мыйзамдуулук менен өлкөнүн тынчтыгын сактоо боюнча кайрылуу жасашты. Белгилей кетсек, кеңешмеге ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин жана Кыргызстан калкы Ассамблеясынын курамына кирген этностук коомдук бирикмелердин өкүлдөрүнөн тышкары, Президенттин Аппаратынын, ИИМдин жана УКМКнын өкүлдөрү да катышышты.