Коом
Этникалык кыргыздар үчүн 75 бюджеттик орун бөлүндү
Элита плюс
Сентябрь 10, 2020 г.
Этникалык кыргыздар үчүн 75 бюджеттик орун бөлүндү
© Элита плюс

Жыл сайын этникалык кыргыздар үчүн Кыргызстандын жогорку окуу жайларынан 75 бюджеттик орун бөлүнөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Мааткеримова билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда жашаган этникалык кыргыздар үчүн 25 бюджеттик орун, Өзбекстанда жашагандар үчүн - 20, Тажикстан - 15, Түркия, Казакстан жана Кытайда жашаган этникалык кыргыздар үчүн 5 орундан берилет. "Бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанда жашаган этникалык кыргыздардан 17 өтүнмө, Өзбекстандан - 40, Тажикстандан - 20дан ашык өтүнмө түштү. Өзбекстанда документтерди кабыл алуу 15-сентябрга чейин жүрүп жаткандыктан дагы өтүнмөлөр түшөт деп ишенебиз", - деди ал.