Коом
Э.Султанбаев: "Садыр Жапаров мурунку президенттер менен кастыгы же милдеттенмеси жок экенин так айтты"
Элита плюс
Февраль 20, 2023 г.
Э.Султанбаев: "Садыр Жапаров мурунку президенттер менен кастыгы же милдеттенмеси жок экенин так айтты"
© Элита плюс

Президенттен маалымат катчысы Эрбол Султанбаев акыркы окуяларга жана коомчулуктагы ар кандай талкууларга байланыштуу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырып, анда айрым тактоолорду киргизген.

Анын айтуусуна караганда, президент Садыр Жапаров өз кайрылуусунда мурунку президенттердин эч бири менен жеке кызыкчылыгы, кастыгы же милдеттенмеси жок экенин так айтты.

"Анын негизги максаты – чыныгы улуттук консолидация, кыргыз мамлекетинин өнүгүүсү үчүн биригүү.

Өлкөнүн бардык жетекчилеринин кемчиликтери бар. Эл аларды жакшы билет. Ошону менен бирге жакшы жактарын да эстен чыгарбайлы.

Эгер Алмазбек Атамбаев тууралуу айта турган болсок, биз ал башкарган убакытта позитивдүү учурлар дагы болгонун унутпашыбыз керек.

Тилекке каршы, учурда коомчулук арасында жана социалдык түйүндөрдө мурдагы президенттердин, учурдагы бийликтин жана башкалардын тарапкерлеринин ортосунда талаш-тартыш уланууда.

Буга байланыштуу бардык тараптарды өз күчү менен энергиясын өз ара мамиле териштирүүгө эмес, Мекенибиздин бакубаттуулугу үчүн жаратмандыкка багыттоого чакыргым келет.

Президент Жапаров Исхак Раззаковдун убагынан бери келе жаткан – өлкөнүн бардык кийинки жетекчилери жаман нерселердин баарын өзүнөн мурункуларга жабыштырган адатты бузуп салгысы келет.

Бул президенттердин жолугушуусунун негизги максаты болгон жана анын мындан башка жашыруун мааниси жок", - деди Султанбаев.

Белигилей кетсек, буга чейин Садыр Жапаров эл-жердин түбөлүк ынтымагы үчүн мурдагы президенттердин башын бириктирип, бир столго олтургузгандыгын айткан. Ага Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков катышкан.