Асылдарым
Эсенгул ИСАКОВ, экс-депутат, коомдук ишмер: “Ата-энебиздин элге кылган кызматы үчүн сыймыктанабыз”
Элита плюс
Май 14, 2021 г.
Эсенгул ИСАКОВ, экс-депутат, коомдук ишмер: “Ата-энебиздин элге кылган кызматы үчүн сыймыктанабыз”
© Элита плюс
Эсенгул ИСАКОВ, экс-депутат, коомдук ишмер: “Ата-энебиздин элге кылган кызматы үчүн сыймыктанабыз”
© Элита плюс
Эсенгул ИСАКОВ, экс-депутат, коомдук ишмер: “Ата-энебиздин элге кылган кызматы үчүн сыймыктанабыз”
© Элита плюс
Эсенгул ИСАКОВ, экс-депутат, коомдук ишмер: “Ата-энебиздин элге кылган кызматы үчүн сыймыктанабыз”
© Элита плюс
Эсенгул ИСАКОВ, экс-депутат, коомдук ишмер: “Ата-энебиздин элге кылган кызматы үчүн сыймыктанабыз”
© Элита плюс
Эсенгул ИСАКОВ, экс-депутат, коомдук ишмер: “Ата-энебиздин элге кылган кызматы үчүн сыймыктанабыз”
© Элита плюс
Эсенгул ИСАКОВ, экс-депутат, коомдук ишмер: “Ата-энебиздин элге кылган кызматы үчүн сыймыктанабыз”
© Элита плюс
Эсенгул ИСАКОВ, экс-депутат, коомдук ишмер: “Ата-энебиздин элге кылган кызматы үчүн сыймыктанабыз”
© Элита плюс
Эсенгул ИСАКОВ, экс-депутат, коомдук ишмер: “Ата-энебиздин элге кылган кызматы үчүн сыймыктанабыз”
© Элита плюс
Эсенгул ИСАКОВ, экс-депутат, коомдук ишмер: “Ата-энебиздин элге кылган кызматы үчүн сыймыктанабыз”
© Элита плюс
Эсенгул ИСАКОВ, экс-депутат, коомдук ишмер: “Ата-энебиздин элге кылган кызматы үчүн сыймыктанабыз”
© Элита плюс
Эсенгул ИСАКОВ, экс-депутат, коомдук ишмер: “Ата-энебиздин элге кылган кызматы үчүн сыймыктанабыз”
© Элита плюс

СССР убагында Чүй облусунун Кемин районундагы Алмалуу айылында айтылуу Байдалы Исаков аттуу инсан болгон. Ал кезинде Кыргызстандагы айыл чарба багытын өнүктүрүү максатында мал багып, Казакстандын кыргыздар мал менен барып кыштаган Кенес-Анархай штабын 18 жашында жетектеп, мыкты жетекчи жана уюштургуч адам болгонун уулу Эсенгул Исаков баяндап берди.  

Атам өмүр бою мал чарбасын өнүктүрүүгө күч жумшады”

  • Атам Байдалы Алмалуу айылында кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. Ал атасынан 12 жашында, апасынан 18 жашында ажырап, карындашы экөө томолой жетимдикти баштан кечирип аталаш агаларынын колунда чоңоюшат. Колдогон эч ким жок, өз киндигин өздөрү кесишет. Ал эми апам Иса кызы Жумагүл да ушул эле айылда колунда бар үй-бүлөдө туулган экен. Экөө баш кошкон соң Борду айылы өздөштүрүлүп, ушул айылга көчүп келишиптир. Атам жокчулукта чоңойсо да аны убагында эч бир адам чанбай турган жан болуптур. Себеби ал абдан уюштургуч, 18 жашында эле чоң жоопкерчиликти мойнуна алып, чабан да болуп, партиялык кызматты да аркалап, 1946-1947-жылдары Казакстандагы мал көп жайлаган Кенес-Анархайдын штабын жетектеген. Түркмөнстанда жер катуу титиреп, ошол учурда бул адам жигиттик парзын аткарып, ал жакта аскерде кызмат өтөгөн. Атам андагы жер титирөөнүн кесепетинен темир жолдор кол менен ийгендей ийилип калганын айтып таң калчу. Там басып калган өлүктөрдү алып чыгышкандарын айтчу. Айтылуу Чапаевдин баласы атамдардын дивизиясынын командир башчысы болгонун сыймыктануу менен айтып бүтө алчу эмес. Жашынан кыйынчылыкты көп көргөндүктөн турмуштагы оор кырдаалдарга чыйрактык менен жооп берчү экен. Апам экөө эрте эле үйлөнүп, бирок атам штабга жетекчи болуп, кийин армияга кетип апамды кайненеси менен калтырып коюп, жыйынтыгында кеч балалуу болушкан. Эжем 24 жашында, мен 28 жашында төрөлгөм. Жалпы сегиз баланын ата-энеси болушту. Тилекке каршы, бир инибиз кичинесинде чарчап калып, жети баланы багып өстүрүштү. Ата-энем өмүр бою мал чарбасын өнүктүрүүгө күч жумшады. Атам 1985-1997-жылдарда 70 жашка чыкканча акыркы 15 жылын талаачылыкта бригадир болуп эмгектенип, 2000-жылы мамлекет тарабынан КРнын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер  наамына ээ болгон. Колхоздо, совхоздо кадыр-барктуу адамдардын бири болчу. Башкармалар талыкпай так иштегенин бааласа, эл акыйкаттыгын баалап, сый-урматтуу, тартипти да, адеп-ахлакты да сактаган адам эле. Ичимдик ичип алган жаштар көзүнө көрүнгөндөн коркчу. Кыз-келиндер, кичүүлөр алдынан кыя өтчү эмес.

 

“Апам жыртык кийимди кооздоп жамап...”

 

  • Атам кызматта жүргөндө таң заардан кетип, кечинде келип, айрым учурда “кечинде үйгө конок келет” деп койду биринчи салып жиберип, өзү конок менен чогуу келчү. Ага чейин апам койду сойдуруп, ичегисин артып, этти жиликтеп, асып бышырып, конокту да, бизди да тойгузчу. Ал эми иши менен районго кеткенде 3-4 күн келбей калчу. Анда апам үйдө аял, сыртта эркектин ишин жасап, отун жарып, мал жайгарып, баарын өзү жасачу. Эртең менен алтыда туруп, түнкү саат төрткө чейин жаны тынчу эмес. Кайсы убакта ойгонбо, апабыз иш кылып олтурганын эле көрчүмүн. Колунан көөрү төгүлгөн иштүү эле. Кийимдерибизге жакшы карачу. Мага чий баркуттан костюм-шым, шапкасы менен тигип берип, ээрчитип барып сүрөткө да түшүргөнү эсимде. Жыртык кийим, байпак болсо да кооздоп жамап, биринен кесип, экинчисине курап эки түстүү кийимден жарашыктуу нерселерди тигип салчу. Ата-энем мал менен алыскы жайлоолордо жүрүшкөндө бизди окубай калышпасын дешип эжемди, мени, эки инимди интернатка беришкен.

“Атамды алдаган бухгалтери, кассири 15 жылга кесилген”

  • 1965-жылы тоолорго бир метрден ашык кар жаап, малга чөп жок, чөптү вертолёт менен чачышканы эсимде. Көптөгөн койлор кырылган. Анда атам ферманын жетекчиси болуп тургандыктан кырылган койлордун азабынан атам соттолуп Молдовановка абагында бир жарым жылдай камалып жатты. Кыйынчылык башка түшүп, эт дегенди унуттук. Апам абдан кыйналып, чиедей бизди тойгузам деп бирөөлөрдөн талкан сурап келип көөлөп берчү да, өзү ыйлап олтурчу. Көрсө, апам бизди ойлоп өзү ачка калчу экен. Анда 1-класста окучумун. Бир жолу апамды ээрчип атам жаткан түрмөгө бардык. Апам кыйналганын жана атамдын ак жерден баарын мойнуна алып камалганын айтып боздоду. Бул маалымат атама абадай керек болуп туруптур. Кийин ушул маалыматтар боюнча атам Айыл чарба техникумунда чогуу окуган курсташы Төрөбай Кулатовго кат жазат. Ал убакта Төрөбай Кулатов Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин Президиумунун төрагасы болуп турган экен. Андагы акыйкаттыкты кара? Атамдын каты жоопсуз калбай, дыкат иликтенип, мурдагы иши кайрадан тергелет. Жыйынтыгында ак жерден камалганы тастыкталып, атамды алдаган бухгалтери да, кассири да 15 жылга кесилген. Атам акталып, кайрадан аны кызматка бекитишкен.

 “Окуумду таштап, инилеримди кароо үчүн тоого кеткем”

  • Апам биз сабактан “эки” алып калсак да атасынан таяк жеп калбасын деп жашырып айтчу эмес. Анткени атам тартипти катуу кармап, бизди дайыма ишке салып, бооруна тарта берчү эмес. Ушундан улам атамдын бизди катуу кармаганына эс тартканда ыраазы болуп: “Тарбияңызга рахмат”, - деп мойнунан өөп алчумун. Алты эркек бир тууган тең апабызга окшошпуз. Көз жумган иним менен эжем атама окшош. Бизди “тайларын тарткан” дешет. Апам жакшы ырдачу, жамакчы болчу. Кай жерге барбасын, аны сыйлап, кыйнап ырдатышчу. Ал компаниянын көркүн чыгарчу. Бирок “Жашында берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү” демекчи, өкүнгөнүм, Жаратканым апама карыганда дөөлөт берген жок. Себеби 1968-жылы кичүү инимди өзү төрөй албай кесарево болуп кыйналып, кан басымы жогорулап, эки көзү көрбөй глаукома болуп калды. Анда мен 8-классты аяктап, Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда окуп жаткам. Окуу жайдын директору: “Талантыңды таштаба”, - деп документтеримди бербей койсо да болбой окуумду таштап, эмгектеп жүргөн жана эки жашар инилеримди кароо үчүн тоого кеттим. Атам мени жаш чабан кылып ишке алды.

 

“Апам неберелерин жетелеп алып конокко бара алган жок”

 

  • Апам көзүнөн жыл сайын жети жолу операция болду. Кийин “эми операция жасабайбыз. Өзүңүз сактаныңыз, башка арга жок. Диета кармаңыз” дешти. 1971-жылдан 2002-жылга чейин апам дарыгерлердин айткандарын так аткарып, диета кармап 30 жыл өзүн кармады. 2002-жылы көрбөй калганда күндө ыйлап беймаза кылды. 15 жыл караңгылыкта жашады. Ал эле эмес, мал деп ден соолугуна карабай жүрө берип 1977-жылы 6-мартта бөйрөгүнөн 1 литр ириң алдырып, бир бөйрөгүн алдырган. Апама мындай дарттардын жабышканына нааразы болуп абдан ыйлачумун. 22 неберелүү, 12 чөбөрөлүү болду. Балдардын, биздин жүзүбүздү колу менен сылап, “эмне арыктагансың?”, же болбосо “ии, мурдагыдан толуп калыпсың” деп гана олтурчу. Неберелерин көрүп эркелетип, жетелеп алып конокко барган жок. Атам болсо апамды жетелеп, бактын түбүндөгү үстөлгө отургузуп алып: “Баягы алма минтип калды”, - деп кобурап алма бутачу. Карыгандагы экөөнүн ынтымагына ыраазы болчумун. 10 жыл мурун атам өпкөсүнөн ооруп бат эле каза болгондуктан апам: “Атаңдын кантип кетип калганын билбейм”, - деп жүрдү. 1-май атамдын туулган күнү болгондуктан бул күнү илгертеден конок чакырышканды салтка айлантышкан эле. Азыр биз бул салтты улантып куда-сөөк, жакындарды коноктоп, куран окутабыз. Бул күнү кимибизде болбосун, “колум бошобойт” деген сөз болбошу керек. Апам болсо 2014-жылы 84 жашында каза болду. Анда депутат болчумун. Топурак салуу үчүн премьер-министр баш болуп, спикер, депутаттардын баары барып, 3000ден ашык адам апамдын жаназасына катышты. Айрымдар “аттуу-баштуу көптөгөн адамдар келип топурак салды. Бактылуу киши экен” дешти. Ажалга айла жок экен. Ата-энени түркүк кылып жаныбызга алып жүрө албайт экенбиз. Ошентсе да ата-энебиздин басып өткөн жолуна, элге кылган кызматына саресеп салып балдары ар дайым сыймыктанабыз.  

Аруужан КАНАТБЕК кызы