Президент
Эртең Президент Садыр Жапаров айт намазга катышат
Элита плюс
Апрель 20, 2023 г.
Президент Садыр Жапаров эртең, 21-апрелде, майрамдык айт намазга катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев маалымдады.
Орозо айтты майрамдоо күнүндөгү салттуу айт намаз Бишкек шаарындагы Эски аянтта өтөт.
Иш-чара УТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын эфиринде, социалдык баракчаларда түз чагылдырылат. Түз эфир таңы саат 07:00дө башталат.