Коом
Эртең көпчүлүк аймактарда кар жаап, жолдор тайгак болот
Элита плюс
Декабрь 27, 2020 г.
Эртең көпчүлүк аймактарда кар жаап, жолдор тайгак болот
© Элита плюс

Эртең, 28-декабрда республиканын көпчүлүк аймактарында кар жаап, жолдор тайгалак болот. Айрым жерлерге туман түшөрүн Кыргызгидрометтен кабарлашты.

Абанын температурасы:

Чүй,Талас облустарында түнкүсүн -5...-10, күндүз -3...+2;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -4...-9, күндүз -2...+3;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3...-8, күндүз -1...+4;

Нарын облусунда түнкүсүн -20...-15, күндүз -12...-7;

Бишкек шаарында түнкүсүн -8… -10, күндүз 0...-2 градус суук болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.