Аймактар
Эртең Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүргүзүлөт
Элита плюс
Май 12, 2023 г.
Эртең Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүргүзүлөт
© Элита плюс

Эртең, 13-майда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Таштарды кулатуу иштери аталган жолдун 131-чакырымында жүргүзүлөт.

"Таштарды кулатуу иштери унаа жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. Андыктан Ички иштер министрлигинин Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы саат 09:00дөн 15:00гө чейин унаа жолун маал-маалы менен жабып турат ", - деп билдиришти ишканадан.

Иш-чара Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда автомобиль жана темир жол транспортунун коопсуздугун камсыздоо максатында өткөрүлүүдө