Коом
Эртең Бишкекте кайрымдуулук жарманкеси өтөт
Элита плюс
Март 15, 2023 г.
Эртең Бишкекте кайрымдуулук жарманкеси өтөт
© Элита плюс
Эртең Бишкекте кайрымдуулук жарманкеси өтөт
© Элита плюс
Эртең Бишкекте кайрымдуулук жарманкеси өтөт
© Элита плюс

Бишкекте кайрымдуулук жарманкеси өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Нооруз майрамына арналган салттуу кайрымдуулук дипломатиялык жарманке эртең, 16-мартта саат 13:00дөн 19:00гө чейин Курманжан Датканын эстелигинин алдындагы аллеяда өтмөкчү.

Жарманкеде дүйнөнүн булуң-бурчунан келген уникалдуу буюмдар жана сувенирлер, жарманке учурунда сатып алууга боло турган улуттук даамдар жана суусундуктар коюлат.

Жарманкени Тышкы иштер министрлиги Бишкек мэриясы менен биргеликте чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн катышуусунда уюштурууда.

Иш-чарадан түшкөн каражат кайрымдуулукка жумшалат.