Саясат
Эрлан Абдылдаев Германиянын президентине ишеним грамотасын тапшырды
Элита плюс
Сентябрь 17, 2020 г.
Эрлан Абдылдаев Германиянын президентине ишеним грамотасын тапшырды
© Элита плюс

Бүгүн Берлин шаарында «Бельвю» резиденциясында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Эрлан Абдылдаев Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайерге ишеним грамоталарын тапшырды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, салтанаттуу аземден кийин болгон маектешүүнүн жүрүшүндө Кыргызстандын элчиси Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайерге Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун атынан салам айтып, Кыргызстанга германдык тараптын колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, анын ичинде, COVID-19-га каршы күрөшүүдө, ошондой эле азыркы социалдык-экономикалык абал жана 2020-жылдын 4-октябрында боло турган парламенттик шайлоо тууралуу маалымдады.

Германиянын президенти жана элчи кыргыз-герман кызматтыштыгын ар кандай тармактарда өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Эки өлкөнүн ортосундагы өз ара мамилелер бекем фунтаментке ээ болуп, жигердүү өнүгүп жаткандыгы канааттануу менен белгиленди, ал эми Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун Германияга 2019-жылдын апрель айында болгон расмий сапары ага кошумча дем болгондугу айтылды.

Тараптар Германиянын Тышкы иштер министрлигинин «Жашыл Борбор Азия» жаңы демилгесинин алкагында натыйжалуу жана конкреттүү долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Иш-чаранын соңунда Германиянын президентинин «Бельвю» резиденциясында салтанаттуу түрдө Кыргыз Республикасынын улуттук туусу көтөрүлдү.