Спорт
Эркин күрөш боюнча балбандар Бишкекке келишти
Элита плюс
Декабрь 21, 2020 г.
Эркин күрөш боюнча балбандар Бишкекке келишти
© Элита плюс

Бүгүн, 21-декабрда эркин күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөлөрү Белград шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө кубогунан Бишкек шаарына кайтып келишти. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Спортчуларды Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Жоомарт Шамканов, ошондой эле жеке машыктыруучулары тосуп алышты.

Жалпысынан Дүйнө кубогунда эркин күрөш стилиндеги балбандар 2 коло медалга ээ болушту: Ислам Орозбеков 70 килограммга чейинки салмактык категорияда жана Айаал Лазарев 125 килограммга чейинки салмактык категорияда.