Коом
ЕРӨБ менен кызматташтык талкууланды
Элита плюс
Сентябрь 10, 2020 г.
ЕРӨБ менен кызматташтык талкууланды
© Элита плюс

Премьер-министр Кубатбек Боронов жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбор Азия боюнча аймактык директору Нил Маккейн менен эки тараптуу кызматташтык маселесин талкуулады. Өкмөт башчы финансылык институтка Кыргызстанга көрсөтүп жаткан көмөгү үчүн ыраазычылык билдирүү менен өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган биргелешкен иштин маанилүүлүгүн белгиледи. Тараптар энергетика тармагындагы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, бир катар шаарлардагы суу менен камсыздоо жана канализациялар тутумун реабилитациялоо, муниципалдык инфраструктураны жакшыртуу маселелерин талкуулады. Кубатбек Боронов белгилегендей, биргелешкен кызматташтык алкагында кичи шаарлардагы инвестициялык климатты, муниципалдык жана инфраструктуралык кызматтарды жакшыртуу, займ жана гранттарды сунуштоо аркылуу финансылык секторду чыңдоо жана ишкерликти өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү максатында маанилүү долбоорлор ишке ашырылган. Өз кезегинде Нил Маккейн банктын ишмердүүлүгү жана артыкчылыктары, анын ичинде реформаларды жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү тууралуу айтып берди. Ошондой эле ал Кыргызстан ЕРӨБдүн маанилүү жана ишенимдүү өнөктөшү болуп саналаарын, ошондуктан уюм ар тараптуу кызматташтыктын улантылышына чоң маани берээрин билдирди.