Коом
Эпидемиологиялык абалды жөнгө салууга багытталган машыгуу болду
Элита плюс
Июнь 27, 2020 г.
Эпидемиологиялык абалды жөнгө салууга багытталган машыгуу болду
© Элита плюс

Ошто эпидемиологиялык абалды жөнгө салуу боюнча машыгуу өттү. Машыгуунун сценарийи боюнча, Ош шаарынын аймагында коронавирус кескин жайылып, Анар кичи шаарчасында жугуштуу оорунун очогу пайда болгон. Көп сандагы жарандардын дене табы көтөрүлүп, 112, 118 түз байланыш номерлерине жана 103 тез жардам кызматына кайрылуулар күч алган. Аны менен катар шаар аймагында даярдалган обсервацияларда бош орундар калбай калды. Мындан улам эпидемиологиялык абалды жөнгө салуу үчүн шартка байланыштуу талаа шартындагы шаарча түптөлүп, анда 60 даана чатыр курулган. Муну менен катар оор абалда келип түшөн тургандарды жайгаштыруу үчүн мобилдик турак жайлар да курулган. Машыгууга жарандык коргонуу кызматтары, медициналык топтор, тартип сакчылары жана башка тийиштүү кызматтар катышып, ыкчам даярдыгын көрсөтө алышты. Иш-чаранын максаты эпидемиологиялык кырдаал түзүлө турган болсо, жоопту кызматтардын ишин ыкчам бөлүштурүү, көзөмөлдөө жана жарандарды обсервацияларга кабыл алууну, жайгаштырууну уюштуруу, медициналык тейлөөнүн жол жобосун иштеп чыгуу болуп саналат. Эскерте кетсек, машыгуу Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун буйругунун негизинде ишке ашты.