Коом
Энергетиктер электр энергиясын үнөмдөөгө чакырат
Элита плюс
Февраль 15, 2023 г.
Энергетиктер электр энергиясын үнөмдөөгө чакырат
© Элита плюс

Бишкекте электр тармактар ишканасы калкты электр энергиясын эң көп керектөө учурунда керектөөнүн режимин сактоого чакырат.

Компаниядан билдиришкендей, 15-февралга карата Бишкек шаары боюнча электр энергиясын суткалык керектөө 9,9 млн кВт/саат пландын ордуна 11,3 млн кВт/саатты түздү. Керектөө лимити 1,4 млн кВт/сааттан, же 13,8%га ашты.

Электр энергиясын керектөөнүн өсүшүнө баланыштуу өзгөчө эң көп керектөө учурунда электр тармактрына жана жабдыктарга күч келүүдө.

"Электр энергиясын авариялык өчүрүүлөрдү жана электр жабдууларын бузулушун алдын алуу үчүн Бишкек электр тармактар ишканасы электр энергиясын керектөө режимин сактоо зарылдыгын эскертет. Электр энергиясын пайдалануу эрежелерине ылайык, электр энергиясы эң көп керектелген таңкы жана кечки убакта керектөөчүлөргө электр жылыткычтарын күйгүзбөө сунушталат", - деп айтылат маалыматта.

Февралда электр кубатын эң көп керектөө сааттары:

- эртең менен 8:00дөн 9:00гө чейин;

- кечинде 18:00дөн 21:00гө чейин.