Коом
Энелер күнүнө карата көп балалуу аялдар «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалы менен сыйланат
Элита плюс
Май 15, 2020 г.
Энелер күнүнө карата көп балалуу аялдар «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалы менен сыйланат
© Элита плюс
Энелер күнүнө карата көп балалуу аялдар «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалы менен сыйланат
© Элита плюс

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Республиканын көп балалуу энелерин „Баатыр эне“ ордени менен сыйлоо жөнүндө» жана «Республиканын көп балалуу энелерин „Эне даңкы“ медалы менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык жети жана андан көп баланы толук кандуу тарбиялаган 1014 эне «Баатыр эне» ордени, алты баланы толук кандуу тарбиялаган 519 эне — «Эне даңкы» медалы менен сыйланат.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.