Ийгилик сыры
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жаңы МРТ аппараты орнотулууда
Элита плюс
Август 02, 2023 г.
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жаңы МРТ аппараты орнотулууда
© Элита плюс
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жаңы МРТ аппараты орнотулууда
© Элита плюс
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жаңы МРТ аппараты орнотулууда
© Элита плюс

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жаңы МРТ аппаратын орнотуу иштери баштады. Аппарат Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган "COVID-19га ыкчам чара көрүү" долбоору аркылуу сатылып алынган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жаңы медициналык жабдуу алдыңкы технологиялар менен жабдылган жана бардык курактагы бейтаптарды диагностикалык текшерүүгө мүмкүндүк берет. Учурда медициналык жабдууну орнотуу иштери жүрүп жатат, андан соң тууралоо иштери жүргүзүлөт. Аппаратты ишке киргизүү августтун аягына пландалууда.

1996-жылдан бери иштеп келе жаткан Бишкектеги жалгыз мамлекеттик МРТ аппараты 2022-жылы иштен чыккан. МРТ текшерүүсүнө муктаж бейтаптар жеке медициналык борборлорго кайрылууга аргасыз болуп, бейтаптарга жана медицина кызматкерлерине ыңгайсыздыктарды жаратууда. MРТ диагностикасы балдар жана ымыркайлар үчүн да коопсуз, анткени ал магниттик таасирге негизделген, анын натыйжасында бейтаптар радиациянын төмөн дозасын алышат.

Ошондой эле, быйылкы жылы КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталга дагы бир МРТ аппаратынын келиши жана орнотулушу күтүлүүдө.

"COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун максаты - КР министрлер кабинетине COVID-19 коркунучун алдын алууда, аныктоодо жана ага жооп кайтарууда жана саламаттыкты сактоонун улуттук системасын бекемдөөгө колдоо көрсөтүү.