Эмил Жамгырчиев: "Өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуу үчүн "Альянс" партиясы менен шайлоого аттандым"
Элита плюс
Октябрь 13, 2021 г.
Эмил Жамгырчиев: "Өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуу үчүн "Альянс" партиясы менен шайлоого аттандым"
© Элита плюс
Эмил Жамгырчиев: "Өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуу үчүн "Альянс" партиясы менен шайлоого аттандым"
© Элита плюс
Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын Кыргыз Күрөш федерациясынын президенти Эмил Жамгырчиев өзүнүн фейсбуктагы баракчасына:
Урматтуу замандаштарым, жакын санаалаштарым, тарапташтарым!
Сиздер менен акыркы жаңылыгым менен бөлүшүүнү туура көрдүм.
Тактап айтсам, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуу үчүн "Альянс" партиясы менен шайлоого аттандым. Кыргыз спортунун эртеңки келечегине кам көрүп, жүздөгөн машыктыруучулардын талабын талашуу менин негизги ниетим.
Эмне үчүн "Альянс" партиясы?
Себеби, бул партия принциптүү адамдардан куралган. Мисалы, тизменин алдыңкы сабында парламент депутаттары Алтынбек Сулайманов (Бир Бол), Мирлан Жээнчороев (Республика), Жанарбек Акаев, Абдывахап Нурбаев, Айсулуу Мамашева, мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков сыяктуу бир топ билимдүү талапкерлер бар. Күчтүү команда менен реформа жасоо жеңил болот - деп жазды. 
Ийгиликтерди каалайбыз!
Аталган партиянын курамында Алтынбек Сулайманов, Жанар Акаев, Айсулуу Мамашева, Эльдар Абакиров, Эмил Жамгырчиев, Мирлан Жээнчороев, Чынар Капарова, Чиңгиз Айдарбеков, Эрнис Кыязов жана башка көңүлгө толгон инсандар бар.