Ийгилик сыры
Эмил АБДЫКАДЫРОВ, “Нур строй” курулуш компаниясынын башкы директору: “Чоң иштер кичинекей кыялдардан башталат”
Элита плюс
Май 10, 2020 г.
Эмил АБДЫКАДЫРОВ, “Нур строй” курулуш компаниясынын башкы директору:  “Чоң иштер кичинекей кыялдардан башталат”
© Элита плюс
Эмил АБДЫКАДЫРОВ, “Нур строй” курулуш компаниясынын башкы директору:  “Чоң иштер кичинекей кыялдардан башталат”
© Элита плюс
Эмил АБДЫКАДЫРОВ, “Нур строй” курулуш компаниясынын башкы директору:  “Чоң иштер кичинекей кыялдардан башталат”
© Элита плюс
Эмил АБДЫКАДЫРОВ, “Нур строй” курулуш компаниясынын башкы директору:  “Чоң иштер кичинекей кыялдардан башталат”
© Элита плюс
Эмил АБДЫКАДЫРОВ, “Нур строй” курулуш компаниясынын башкы директору:  “Чоң иштер кичинекей кыялдардан башталат”
© Элита плюс
Эмил АБДЫКАДЫРОВ, “Нур строй” курулуш компаниясынын башкы директору:  “Чоң иштер кичинекей кыялдардан башталат”
© Элита плюс

2019-жылдын соңунда өлкөбүздүн турмушунда экономикалык мүнөздө чоң иштер башталды. Дегенибиз, эгемендүүлүк жылдарынан бери эле бир аймакка эбегейсиз ири өлчөмдө тыштан инвестиция тартылып, жалпы журтка жагымдуу иш жасала элек болчу. Тактап айтканда, Нарын облусунун Ат-Башы районуна Борбор Азияда эң чоң логистикалык борбордун курулушунун пайдубалы түптөлдү. Бул ири долбоордун жалпы баасы 280 млн АКШ долларын түзөт. Ушул үлкөн иштин башында турган азаматыбыз - белгилүү коомдук ишмер Эмилбек Абдыкадыров, анын өнөктөшү Кытайлык ишкер Лю Ин. Эмил мырза өз кезегинде дээрлик чейрек кылым өмүрүн баш калаабыз Бишкек шаарынын өсүп-өнүгүшүнө арнап, борборубуздун бир катар мекеме-ишканаларында катардагы жумушчудан тарта жетекчилик кызматтарды аркалап, Бишкектин вице-мэрлигине чейин жетип, 4 жолу катарынан шаардык кеңешке депутаттыкка шайланган. Андыктан тажрыйбалуу адис менен өлкөбүздүн, баш калаабыздын бүгүнкүсү жана эртеңки келечеги тууралуу баарлаштык.

- Эмилбек Мырзакулович, сиз менен жыл соңунда баарлашып атабыз, 2019-жыл кандай жыл болду? Жеке жашооңузда жана өлкөбүздүн турмушунда өзгөчөлөнгөн учурларды айтсаңыз.

- Жеке иштерим тууралуу сөз кылууну туура көрбөйм. Себеби турмуштун агын-карасын, өйдө-төмөнүн баалап, жеке иштен дагы мамлекеттин ишин, кызыкчылыгын жогору койгон мезгилим. 30 жылдан ашык мамлекеттик структурада иштедим. Азыр курулуш компаниясын жетектейм. Көйгөйлөр, кыргыз мамлекетинин экономикасын көтөрүү жөнүндөгү ойлор мени көп ойго салат. Кыргыз элинин турмушу, экологиясы, жалпы эле инвестициянын, ааламдашуу алкагындагы адамзаттын аң-сезиминин өзгөрүшү сыяктуу маселелер мага көбүрөөк кызыктуу болуп калды. Анткени турмуш өзгөрүүдө. Улуу муундагылар, орто муундагылар, жаштар менен да көп баарлашам. Аксакалдар “жаштар мындай, жаштар андай болуп кетти” деп кейип калышат. Менимче, алар жаштарга түшүнүү менен мамиле кылышы керек. Себеби дүйнөлүк тенденция ушундай. Жаңы технологиянын заманы болуп жатат. Глобализацияга баратабыз. Демек, биз заманга жараша өзгөрүшүбүз зарыл. Жаштар заманга жараша өзгөрүүдө. Ал эми бизге окшогон улуу муундагылар ошону түшүнүп, кабыл ала албай жатабыз. Мен муну жаштардын эмес, улуу муундун трагедиясы деп айтам. “Кыргызстан башка өнүккөн мамлекеттердей мамлекет болуш үчүн эмне кылышы керек” деп ойлоном.

-  “Көйгөй” деп калбадыңызбы, азыр экология маселеси чоң көйгөйлөрдүн катарында. Алсак, Бишкекти кара түтүн чулгап, көпчүлүктү ойго салууда. Муну чечүүнүн жолун сиз эмнеден көрөсүз?

- 2004-2005-жылдары мен Бишкек шаарынын вице-мэри болуп турганда ЖЭБдин ишин көзөмөлдөп калдым. ЖЭБге Казакстандын көмүрү жагылчу. Кийин каржы маселесинен улам Кара-Кеченин көмүрүн жага баштаганбыз. Бирок аны жакканга болбойт деген маселе бар эле. Себеби түтүндү көп чыгарып, кубаттуулугу аз экени далилденген. Ошондуктан ЖЭБге жагылган көмүрдөн шек санайм. Андыктан өкмөттүк органдар ушул маселени жана ЖЭБдин иштөө механизмин карап, текшерүүгө алышы абзел деп ойлойм. Адистердин текшерүүсүнөн кийин эле баары белгилүү болот. 2-маселе унааларда. Азыр бардыгы унааларындагы чыпканы алып салган. Чыпка деген биринде да жок, карасаң баары түтөп жүрөт. Аны текшерген бирөө жок. Биздин ден соолугубузга ушу ЖЭБ менен унаалардан чыккан кара түтүн эле жетип жатат. Себеби анын курамында оор металл, свинец бар. Рак, өпкө оорулары ушундан болот. Бул нерсени тез арада тартипке салуу зарыл. Үчүнчүдөн, унаанын дөңгөлөктөрүн, тигүү цехтеринен чыккан калдыктарды, таштандыларды жагышууда. Муну адистер туура баамдашууда. Бул дагы өтө чоң терс көрүнүш. Мына ушул үч маселенин айланасында иштеп, иликтеп, тактап, мониторинг жүргүзүп ММКлар аркылуу маалымдап, жасалган иштер боюнча ар бир он күн сайын отчёт алып турса болот. Анан эң негизги нерсе бул бийликтин гана иши эмес. Эл, баарыбыз чогуу киришип таза абаны камсыз кылууга кызыкдар болуубуз кажет. Болбосо ден соолугубуз жабыркап жатат.

- “Шаардын атуулу” деген наам алганыңызга бир топ убакыт болуптур. Жакында президенттин колунан энчилүү саат жана “Эмгек сиңирген куруучу” деген наам алдыңыз. Эмгегиңиз акталып, кубанып жатсаңыз керек?

- Ооба, жагымдуу жагдай. Бул алган сыйлыктарым мындан дагы чоң эмгектерди жасоомо түрткү берип, шыктандырат. Бирок мен өмүрү сыйлыкка кызыккан адам эмесмин. Адам үчүн эң чоң сыйлык - айланаңдагы адамдардын сени сыйлап тургандыгы. Учурда чоң уулум Бишкек шаардык кеңештин депутаты. Менин жолумду жолдоп шаардык кеңешке депутат болду. “Ата, сиз жөнүндө бир жаман сөз уккан жокмун. “Атаң аябай таза, так иштеген” деп барган жеримден сизди макташат”, – деп сыймыктанып калат. Мен үчүн сыйлык деген ушул. Кечээ жаман иштеген болсом, балама азыр жаман сөз айтылып, жер карап калат эле да. Мындан өткөн жаман нерсе барбы.

- Уулдарыңыздан сиздин жолду жолдоп курулуш тармагында келе жаткандарынан барбы?

- Ооба, ошол чоң уулум азыр мени менен чогуу иштейт. Негизи башка тармактарда иштеп жүрдү. Бирок учурда курулуш тармагына алып келдим. Себеби аны үйрөтүп, тажрыйбасын арттырып, татыктуу кадр кылып тарбиялап өстүрүү - менин милдетим. Кези келгенде бардык ишти буйдалбай алып кетиши керек да.

- Учурда бир топ коррупционерлер камалып жазасын алышууда. Буга сиз кандай көз караштасыз?

- Коррупция менен күрөшүү өйдөңкү эшелондо, Жогорку Кеңеште, Өкмөттө, министрликтерде жүрүп жатат. Ал эми ортоңку катмарда коррупция менен күрөшүү алсыз абалда. Президентибиздин бул жаатта жүргүзгөн саясаты туура, аны колдойм. Бирок менин жеке оюм - аларды камап коюу менен эмес, жеген-ичкендерин кустуруп, кеткен чыгымды, зыянды толтуруу менен жазалоо зарыл. Антпесе жаза мөөнөтүн берип түрмөгө кесип салуудан мамлекеттин экономикасына эч кандай пайда жок болуп атат.

- Өлкөбүздүн экономикалык абалын да сөз кылсак...

- Эң оболу өлкөбүздө биримдик, тынчтык болушу керек. Биздин мамлекет туруктуулукка муктаж. Туруктуулук болсо инвесторлор келет. Инвестиция болмоюн мамлекет эч качан өнүгө албайт. Ушул нерсени туура түшүнүшүбүз кажет.

- Сиз көп инвестиция тарткан адамсыз. Эми да минтип ири инвестиция тартып отурасыз.  Ат-Башы менен Бишкекке курула турган борборлор тууралуу өз оозуңуздан уксак.

- Ооба, азыр эки чоң инвестиция тартып эки долбоордун үстүндө иштеп жатам. Өткөндө кытай элинин жетекчиси Си Цзиньпин келгенде иштеп жаткан ишибиз,  инвестицияга байланыштуу суроолор жаралып калды. Кудайдын буйругу менен биздин маселебиз жетекчилердин жолугушуусуна дал келип калган экен. Ошентип, бул иштер козголуп, көтөрүлүп, чечилип кетти. Бизге инвестиция кайдан келерин карап көрсөңөр. Америка, Европа бизге инвестиция салбайт. “Европадан келип бизге мынча миң доллар берди” дегенди уга элекмин. Эл аралык каржы уюмдары, банктар чоң үстөк пайызы менен берет. Грант деп коюшканы менен анын дагы кайсы бир бөлүгүн өздөрү кайра алып кетишет. Ошентип беришпесе, түзмө-түз “инвестиция алдык” деп эч ким айта албайт. Экинчиден, бизге өндүрүшкө инвестиция бере турган мамлекетти уга элекмин. Экономика министрлигинин анализинин негизинде айтсам, Кытай Эл Республикасы бир жылда дүйнө жүзүнө 217 млрд доллар инвестиция кылышат экен. Ошонун 37 млрд долларын Орусия, 3-5 млрд долларын биздин коңшу мамлекеттер алат. Биз 0,1% гана алабыз. Белоруссия да Кытайдан инвестиция алып биздикиндей логистикалык борбор куруп жатышат. Барып көрүп келдик. Белоруссия алып жаткандан кийин биз эмнеге албашыбыз керек? Айрымдар жумурткадан кыр издеп “эртең кытай басып кетет” дешет. Логистикалык борбор болбосо кантип өнүгөбүз? Экологиялык жактан таза өндүрүлгөн продукцияны, жашылча-жемиштерди башка рынокко кантип чыгарабыз? Ошондуктан Ат-Башыдагы эркин экономикалык аймакта логистикалык-индустриялык борбор курууну пландадык. Анын эң негизги өзгөчөлүгү - өндүрүш. Өкмөт менен макулдашып 200 гектар жерди ижарага алдык. Анын 80 гектары өндүрүшкө таандык. Тактап айтканда, завод, фабрика курулат. Жеке эле Кытайдан эмес, Түркиядан, Белоруссиядан, Казакстандан, Аравиядан ишкерлер келип “ири ишканаларды курабыз” дешүүдө. Анын үстүнө биздин мыйзамдарыбыз инвесторлор үчүн өтө ыңгайлуу. Кечээ жакында өкмөт башчы өзү барып капсула салып келди. Ал жерге биздин башкы план боюнча 8 кабаттуу мейманкана курулат. Конференцзал, банк терминалдары орнотулуп, айтор, бардык шарт түзүлөт. Нарын облусу учурда 94% дотацияда отурат. Бул 8 жылдык долбоор. Бул убакытта облус дотациядан чыгарына ишенебиз. Аймактарды өнүктүрүү деген мына ушул. Өндүрүш болмоюнча  экономикабыз эч качан өнүкпөйт. Андыктан бир жылдан бери чуркап жүрүп ишке ашырдык.

- Бишкекте да курула турган комплекс боюнча айтсаңыз...

- Бишкекте курула турган комплекс 40 млн долларга турду. Буюрса, 17-22 кабаттан турган бүтүн бир квартал болот. Бул дагы мамлекеттик программанын тегерегинде жүргүзүлөт. “Коопсуз шаар” деп жатабыз, аны куруу үчүн алгач коопсуз үй, коопсуз квартал, коопсуз кичи шаарча, анан барып коопсуз шаар болушу керек го. Процесс жогортон ылдый эмес, ылдыйдан жогору болсо талапка ылайык келет. Ошон үчүн ушул программанын алкагында “Коопсуз квартал” деген кандай болорун көрсөтөлү деп ушул инвестицияны тартып келдик. Короо-жайдын бардыгы курчалып, көзөмөлгө алынат. 4 гектардын алды бүт паркинг, короонун ичи 2 гектар бакча болот. Бардык инфраструктура түзүлөт. Бала бакча, спорттук аянтча, кинотеатр, дүкөн, айтор, бардыгы планга киргизилген. Диспетчерлер карап, тейлеп турушат. Бул долбоор да өз ишин баштады. Учурда котлованы казылып жатат.

- Келечекте борбор шаарыбыз сиздин кыялыңызда кандай болушу керек?

- “Чоң иштер - кичинекей кыялдардан башталат” демекчи, абдан көп түрдүү кыялдарым бар. Азыр баарыбыз мезгил менен жарышкан заманбап шаарды каалайбыз. Учурдун талабы эмне? Албетте, көз жоосун алган кооз, бийик турак жайлар, үйлөр. Заңгыраган жолдор. Жашыл айлана. Көйгөйлөр кайсылар? Экология, унаа тыгындары, унаа токтоочу жайлардын жетишсиздиги, ирригациялык түйүндөрдүн эскилиги, таштандылардын көйгөйү. Буларды чечүүгө толук мүмкүнчүлүктөр бар. Азыркы шаар бийлиги акырындык менен чечип жатат. Эки кабаттуу көпүрөлөрдү, эстокадалык көпүрөлөрдү тез арада куруп баштоо зарыл. Көптөн бери чечилбей келаткан таштандыларды кайра иштетүүчү заводду куруу керек. Жашылдандыруу иштерин күчөтүп, анан “Коопсуз шаар” долбоорун толук ишке ашыруу абзел.

- Шайлоого катышып депутаттыкка аттануу менен элге кызмат кылуу оюңузда барбы?

- Мамлекеттик кызматта 30 жылдан ашуун иштедим. Андан кийин деле  мамлекеттик кызматка баруума сунуштар болду. Бирок жаштарга орун берүүнү ылайык көрдүм. Инвестиция тартып келсем, элим үчүн менин пайдам, кызматым - ошол. Убагында өзүмдүн кичи мекеним Талас жергесине баш-аягы  20 млн сомдун тегерегинде жардам бердим. Аны депутат болуу максатында жасаган жокмун. Азыр эки кишиге жардамы тийбеген, пиарды сүйгөндөр, сын таккандар көбөйдү. Андайларга эл өзү баасын берет. Ал эми депутаттыкка барар-барбасымды так чече элекмин. Аны убакыт көрсөтөт. Ачык айтсам, акыркы жылдары элибиз жаш-кары дебей тегиз саясатчы болуп кетти. Көпчүлүк саясаттан чарчап, тажап да калды окшойт. Андыктан элибиз саясат менен азыраак алектенип, экономикага, өндүрүшкө көңүл бөлүп, көбүрөөк жаңы иш орундары түзүлсө дейм. Ошондой эле экономикабыз өнүп-өсүп, элибиздин жашоо-турмушу жакшырса экен. Ал үчүн элибизге биримдик, ынтымак тилейм.

- Иштен чарчаганда кантип эс аласыз? Эс алуунун кандай түрү жан дүйнөңүзгө жакын?

- Элибизде “Эр жигиттин үч милдетинин бири - бак тигүү” деп айтылат. Анын сыңары, 3 жыл мурун 8 гектар жер сатып алып, Европага экспорттолчу, кышында сакталган, жакшы сорттогу мөмө берген алма багын отургузгам. Түркиядан атайын адистерди чакырып, долбоорун жасаткам. Ал алма бакча шаарга жакын болгондуктан сырттан келген адистер иштөө системасын айтып, көрсөтмө катары “бул нерсени жайылталы, элге көрсөтөлү, мындай алма өсөт, ага мындай камкордук керек” деп кеңеш беришүүдө. Кудай буйруп былтыр бир аз түшүм берген. Быйыл да түшүм алдык. Ошондой эле Ала-Арча суусунун боюндагы каралбай жаткан жерди ижарага алып, эки чоң балык өстүрүүчү бассейн куруп, ага 27 миң форель коё бердим. Кийин коё берген форелдер да бар. Алгачкы форелдер чоңоюп калды. Ошентип, балык өстүрүү, бак тигүү менен алекмин. Бул да өзүнчө бир ырахат, эс алуунун бир түрү. Бош убактымды текке кетирбей алмаларды, балыктарды карап, алар менен сүйлөшүп жан дүйнөмдү тазалап турам. Бул жерде 20 чакты адам иш менен камсыз болушкан.

 

2019-жыл, декабрь.