2023-жылдын 8-мартынан тарта мас абалында унаа башкарган айдоочулар бир жылдан үч жылга чейин унаа башкаруу укугунан ажыратылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан (ЖКККББ) билдиришти.

Буга чейин Укук бузуулар кодексинин 193-беренесинде көрсөтүлгөндөй, мас абалында унаа башкарган айдоочуларга 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып салынып же коомдук жумуштарга тартылып келсе, эми мындан ары айдоочулар унаа башкаруу укугунан бир жылдык мөөнөткө ажыратылат.

Ал эми унаа башкарууга таптакыр укугу жок жарандардын мас абалында унаа башкаруусуна буга чейин 15 миң сом өлчөмүндө айып салынып келсе, эми мындан ары үч суткага камакка алынат.

Эгерде мас айдоочу өзүнүн спирт ичимдигин ичкендигин текшертүүдөн баш тарткан учурда буга чейин 17 миң 500 сом айып салынып келсе, мындан ары айдоочу үч суткага жана айдоого укугу жок айдоочу 5 суткага камалат. Ал эми айдоочунун спирт ичимдигин ичкендиги аныкталса бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылат.

"Буга чейин айдоочу мас абалында жол кырсыгына кабылып, башка адамдардын саламаттыгына этиятсыздыктан залал келтирип, бирок аракетинде кылмыштын курамы жок болгон учурда 20 миң айып салынып же беш суткага чейин камалса, мындан ары айдоого укугу жок айдоочу жети суткага камакка алынып, ал эми эми айдоочу бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылат", - деп айтылат маалыматта.

Эгерде айдоочу жаза мөөнөтү бүткөндөн кийин кайрадан мас абалында унаа башкарып же мас абалында жол кырсыгына кабылса, анда автоунаасын убактылуу алып коюу менен үч жылдык мөөнөткө унаа башкаруу укугунан ажыратылат.