Саясат
Эльвира Сурабалдиева Саламаттыкты сактоо министрлигине сын айтты
Элита плюс
Декабрь 02, 2020 г.
Эльвира Сурабалдиева Саламаттыкты сактоо министрлигине сын айтты
© Элита плюс

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйыны учурунда Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана жергиликтүү бийликтин дарегине катуу сындарды билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдайт.

Анда вице-премьер-министрдин сыны гуманитардык жардам тууралуу отчёт берүү маселесине тиешелүү экени белгиленет.

"Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына алган гуманитардык жардамдар боюнча толук отчёт берүү тапшырмасы берилген. Бизге толук жана так отчёт керек. Муну жарандар, Жогорку Кеңештин депутаттары, жардам берген эл аралык уюмдар жана донорлор күтүүдө. Берилген отчёт толук эмес жана айрым пункттар түшүнүксүз. Мисалы, Талас жана Чүй облустарындагы аймактык медициналык мекемелерге кандай конкреттүү медициналык буюмдар жеткирилген? Ош облусу боюнча кандай чыгымдалуучу материалдар алынды, канча тест-систем алынды? Жер-жерлерге өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттын, концентраторлордун, рентген-аппараттардын канчасы жеткирилди? Отчётто 325 рециркулятор алынганы белгиленген, бирок алар кайда экени көрсөтүлгөн эмес. Эмне үчүн медициналык жабдуулар баланска алынган эмес жана тиешелүү тартипте белгиленген эмес. Жарандардан, донорлордон жана ыктыярчылардан алынган бардык жардамдар кылдаттык менен изилденет", - деген Эльвира Сурабалдиева.