Саясат
Эльвира Сурабалдиева мамлекеттик тил боюнча тест тапшырды
Элита плюс
Декабрь 22, 2020 г.
Эльвира Сурабалдиева мамлекеттик тил боюнча тест тапшырды
© Элита плюс

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева «Кыргызтест» мекемесинин иши жана кыргыз тилин үйрөтүүдө пайдаланылуучу усулдардын принциптери менен таанышты. Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашкандай, Эльвира Сурабалдиева мамлекеттик тил боюнча тесттен өтүп, аны ийгиликтүү тапшырды.

"Мамлекет тарабынан тилибизди мындан ары карай өнүктүрүү үчүн болгон күч-аракеттер жумшалат. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер мамлекеттик тилди билүүсү зарыл. Бардыгы кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктоочу тестти тапшырышат. Жакынкы учурдан бери катардагы жарандар үчүн да тил билүү деңгээлин аныктоосу үчүн мүмкүнчүлүк пайда болду. Азырынча тест акы төлөө негизинде өткөрүлөт, мында тилди күчтөп окутуу тууралуу сөз жок, ошол эле учурда тест тапшырган адам өзүнүн тилди билүү деңгээлин аныктай алат", - деди вице-премьер-министр.

Мамлекеттик тил боюнча тест лексика-грамматикалык нормаларды тажрыйба жүзүндө колдонуусун, угуп жана окуган текстти түшүнө билүүсүн, ошондой эле жазуу жана оозеки түрдө өз ой-пикирин билдирүү деңгээлин аныктайт.