Ийгилик сыры
Эльмурза Сатыбалдиевдин кызы Эльдана тууралуу кызыктуу маалымат
Элита плюс
Август 24, 2020 г.
Эльмурза Сатыбалдиевдин кызы Эльдана тууралуу кызыктуу маалымат
© Элита плюс
Эльмурза Сатыбалдиевдин кызы Эльдана тууралуу кызыктуу маалымат
© Элита плюс
 
Жамиля НАСИРОВА, журналист:
-Улгайып калсам да, жаштардын соцтармактагы баракчасына кире калмай адатым бар, анткени жаштар эмнени каалап, эмнени эңсегени кызыктырат.Заман ушунчалык бачым өзгөрүлүп атат. Булардын табити, каалоосу, дити, ышкы, арманы кай тарапка бурулганын көрүп, мага белгисиз көп идеялардын жаралышына жардам берет
Чындап келгенде нака атанын кызы деп сыймыктандым.Бул кыз айтылуу Элмурза Ракиевич Сатыбалдиевдин кызы-Элдана Форайс (FourEyes) . Дал ушу ник менен бул кыздын инстаграмда миллионго жакын подписчиги бар, ал эми Ютубда 400 миң адам катталган.Мындай аудиторияны топтош ар кимдин эле колунан келе бербейт.
Эльмурза Ракиевич уул-кыздарын эркин ойлоого, эркин ой жүгүртүүгө шарт түзгөн.Уул-кыздарында "мен генпрокурордун балдары элем"деген комплекс жок.Атасынын оош-кыйыш күндөрүн сабырдуулук менен көтөрүп, колдоп келишти.
Элдананын жакшы адамгерчилик касиеттерин айта берсе арбын.Бир топ каналда видеоблогер, саясат менен иши жок, феминистка, экология маселесиндеги орчундуу көйгөйдү дайыма көтөрөт, табият менен таттуу жашоону жанындай көрөт.Мага бир "поступогу" жакты, жеңил өнөр жайында ыксыз көп кийим чыгарып табиятка доо кетпесин деп, кадимки эле SecondHand пахтадан, жүндөн жасалган батыштан чыккан эски кийимдердин жарашыктуусун сатып алып киет, бул кадамы анын дүнүйөкорлүк оорусу менен оорубаганына кадимкидей таңгалдырды, болбосо бул кызга кийим жокпу, атасы каалаган кымбатын алып бермек, баардык нерсе жупунулуктан башталат, чүрпөк менен ооруган азыркы жаштарга чоң сабак болду.Дагы бир жакшы сапаты боёнбойт, бирок жаштардын тусовкасына барганда ара чолодо боёнгону бар.
Эльдананын Юнесконун Switch форумуна спикер болуп катышуусун чакырышкан.Бул форум Турцияда өткөн, барып катышып келди.
Саясатчынын бейнесин ачыш үчүн балдарына байкоо салса, талапкердин образы ачылат.Сатыбалдиевдин кызы атага татыктуу кыз, кээ бир элитанын кызына окшоп, атасы чоң кызматта жүргөндө көөп кетпеди, атасына жамынып, чоң кызматка барбады, "папаша менин карьерамды жасап бер" деп атасына ультиматум койбоду, өз жолу менен баратат. Мына көрбөдүкпү, көп саясатчылар, пенсияга чыгып,уул-кыздарын парламенттин 7- чакырылышына тыгып салды..
 
Жазгүл КАРБОСОВА, журналист:
-Эльмурза Ракиевич, уулдарыңыздан орган тармагын тандаганы болдубу? Улуу кызыңыз Эльдананын чыгармачылыгына кандай баа бересиз? -деген суроого:
- Кудайыма шүгүр, үч уул, эки кызым бар. Эки уулум тең юридикалык факультетти бүтүп, мамлекеттик кызматкер болобуз деген ниеттери бар эле. Бирок, өткөн 2010-жылдагы окуядан кийин мен негедир экөөнү тең мамлекеттик кызматка жолоткум келген жок. Мамлекеттик кызматта мен эле жүргөнүм жетишет деп түшүндүрдүм. Ошондуктан, эки уулум жеке компанияларда иштейт. Кызым чынында өзгөчө кыз, учурда Алматыда жашайт. Кичүү кызым менен кичүү уулум колубузда. Уулдарым, кызым иштеп, өз жашоолору менен. Ушул убакка чейин мени уят кылып, сөз тийгизип, жер каратышкан жок-
деп жооп берген эле. Ушул жооп менен бала тарбиялоонун мыкты принципин байкаса болот. Эльмурза мырзага ийгиликтер арбын болсун!