Медицина
Эльмира АСАНАЛИЕВА, гинеколог: «Баланы пландаштырууга аял-эркек бирдей активдүү катышуулары зарыл.”
Элита плюс
Октябрь 26, 2021 г.
Эльмира АСАНАЛИЕВА, гинеколог: «Баланы пландаштырууга аял-эркек бирдей активдүү катышуулары зарыл.”
© Элита плюс
Эльмира АСАНАЛИЕВА, гинеколог: «Баланы пландаштырууга аял-эркек бирдей активдүү катышуулары зарыл.”
© Элита плюс
Эльмира АСАНАЛИЕВА, гинеколог: «Баланы пландаштырууга аял-эркек бирдей активдүү катышуулары зарыл.”
© Элита плюс
Эльмира АСАНАЛИЕВА, гинеколог: «Баланы пландаштырууга аял-эркек бирдей активдүү катышуулары зарыл.”
© Элита плюс
Эльмира АСАНАЛИЕВА, гинеколог: «Баланы пландаштырууга аял-эркек бирдей активдүү катышуулары зарыл.”
© Элита плюс
Эльмира АСАНАЛИЕВА, гинеколог: «Баланы пландаштырууга аял-эркек бирдей активдүү катышуулары зарыл.”
© Элита плюс

Ар бир айым «Кош бойлуулукка даярдануунун кандай
зарылчылыгы бар? Качан даярданып
баштоо керек? Эмнелерге көңүл бөлүү
маанилүү?» деген суроолорго жооп издебей койбосо керек. Дал ошол суроолорго жоопту бүгүн биз көп жылдык тажрыйбасы бар, №4 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун гинекологу Элмира Нуркуловнадан алабыз.

- Эльмира айым, айтсаңыз деги эле “пландаштыруу” деген эмне?

- Жөнөкөй сөз менен айтсам, бул дени сак, акыл-эси жетилген балалуу болууга жасалган алгачкы аракет. Кош бойлуулукту пландаштыруу бир гана балага гана эмес эненин тез бойго бүтүп коопсуз, жагымдуу жана төрөтүнүн жеңил болушуна дагы жардам берет.

- Дал ошол пландаштырууну аялдар качан баштоосу керек?

- Пландаштырууну бойго бүткөнгө чейин 3-4 ай мурун баштоо зарыл. Бул мезгил
аралыкта аял дагы, эркек дагы медициналык текшерүүдөн өтүп, зыян
адаттардан арылып, туура тамактанууга басым жасап, өзүлөрүнө түздөн-түз кам көрүүлөрү шарт.

- Кош бойлуулукту пландаштырууда эркектин канчалык деңгээлде ролу бар?

- Чынында эле, баланы тогуз ай бою аял көтөрөт. Эркектин ролу өтө төмөндөй
сезилет. Бирок бул андай эмес. Баланы пландаштырууга эркек да активдүү катышат. Себеби, түйүлдүк эркектин
уругунан жана аялдын жумуртка клеткасынан жаралат. Эркек эле эмес, баланын төрөлүшүнө бүтүндөй үй-бүлө катышып, бардык шарттарды түзүп берүүлөрү зарыл.

- Балалуу болууну чечкен түгөй алгачкы кадамды эмнеден башташы керек?

- Аял киши гинекологго көрүнүп, канынын группасын жана резус факторун аныктоо үчүн анализ тапшырат. Андан тышкары
жыныстык жол аркылуу жугуучу инфекцияларга (ЖЖЖИ) анализ тапшыруу
керек. Жыныстык жол аркылуу жугуучу
инфекция менен ооруган болсо, дарыланып, кайрадан анализ тапшыруу кажет. Анткени, мындай дарт тукумсуздукка себепкер
болушу мүмкүн. ВИЧ статусун аныктап алуу да зарыл. Эгер кызамык (краснуха), гепатит оорусуна каршы вакцина ала элек болсо, алдын ала эмделгени жакшы. Эркек дагы так эле ушул процедуралардан өтүшү зарыл. Себеби, аялда жыныстык инфекциялар болсо, же күйөөсү жубайына жугузса, инфекция баланын нормалдуу өрчүшүнө терс таасирин тийгизет.

- Алар кайсы зыян адаттардан сөзсүз баш тартуулары зарыл?

- Ден соолукка зыянын тийгизген бардык
адаттардан арылуу зарыл. Алар: тамеки чегүү, алкоголь ичимдиктерин ичүү, наркотикалык заттарды колдонуу. Буларды ашыкча колдонгон ата-эненин
балдары ден соолугундагы түрдүү патологиялар менен төрөлүшөт.

- Тамактанууда кандай өзгөчөлүктөргө маани берүү керек?

- Кош бойлуулукка даярданып жаткан аялдын азыктануусу толук кандуу жана рационалдуу болууга тийиш. Күнүмдүк рациондо:
белоктор (эт, тооктун эти, балык, жумуртка, жаңгактар, буурчак өсүмдүктөрү), майлар (жумуртка, жаңгак, бадам, сары май, сүт, зайтун майы), углеводдор (күрүч, гречка, ун, картошка, сабиз, ашкабак, дарбыз, шоколад) витаминдер (Бардык мөмө жана жер жемиштер) минералдык заттар (өрүктүн кагы, туз, ашкабактын семичкелери, күн караманын семичкелери, сыр, быштак, ит мурун, петрушка,салаттын жалбырактары, боор, бөйрөк),камтылышы керек. Бул азыктардын бардыгы баланын организминин туура калыптануусуна чоң салымын кошот.

- Кандай витаминдерди сунуштайсыз?

- Фолий кычкылы - түйүлдүктүн нерв системасын калыптандырууда негизги азык болуп саналат, ошондой эле кан жаратуу
процессин жакшыртат.
Фолий кычкылын гравидардык даярдык
катары бойго бүткөнгө чейин үч ай мурун, кош бойлуу кезде жана төрөттөн кийин үч ай күнүнө 400 мкгдан ичүү керек.

Йод микроэлементин бойго бүткөндөн
тартып төрөгөнгө чейин күнүнө 200 мгдан кабыл алуу зарыл.

Темир - бул адамдын организмине
керектелүүчү олуттуу микроэлементтердин
бири. Темир организмдин кайра калыбына
келүү процессин жакшыртат (метоболизм).
Анын функциясы- кан аркылуу бардык
органдарга жана ткандарга кычкылтек
жеткирүү. Ал эми негизгиси - темир баланын
мээсинин калыптануусуна, өсүүсүнө жана
өнүгүүсүнө чоң таасирин тийгизет.
Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА