Маданият
Зарлыкбеков тирүүсүндө баркталбаган акындардын төрөсү эле
Элита плюс
Март 23, 2020 г.
Зарлыкбеков тирүүсүндө баркталбаган акындардын төрөсү эле
© Элита плюс
Зарлыкбеков тирүүсүндө баркталбаган акындардын төрөсү эле
© Элита плюс
Зарлыкбеков тирүүсүндө баркталбаган акындардын төрөсү эле
© Элита плюс
Зарлыкбеков тирүүсүндө баркталбаган акындардын төрөсү эле
© Элита плюс
Зарлыкбеков тирүүсүндө баркталбаган акындардын төрөсү эле
© Элита плюс

Атаңдын көрү кем дүнүйө, Жокем тууралуу эскерүү жазам деген ой үч уктасам түшүмө да кирген эмес. Анын көзү өтүп кеткенине быйыл май айында үч жыл болгонуна ишенип-ишене албай, кабыргам кайышып отурам. Экөөбүз Кыргыз улуттук университетинин филфагындагы журналистика бөлүмүндө бир тайпада беш жыл окуп, бир учурда «Алтын бешик» жатаканасында бир бөлмөдө дагы бирге жашап калганбыз. Анын түркүн кылык-жоруктарын, дүйнөлүк классик акындарды казып окуганын, сулуу кыздарды сүйүп-күйүп далай ырлар жазганын, жакшы китеп көрсө кыя өтпөй «кымырып» алганын, ал түгүл, Ленин атындагы китепканадан китеп уурдап аз жерден окуудан чыгып кала жаздаганын, немис тили мугалимин шылдыңдап, ал эжей декан Иманалиев Сансызбай агайга даттанганын эстеп турам.

Ал абдан сыпайы, сылык, элпек жана жалтаң жан эле. Жоке деңиздей терең эле, ошол тереңдикке өзү чөгүп, учурунда баркталбай кете берди. Бир далайыбыз стипендия алыш үчүн, жакшы баа алыш үчүн жанталашып, марксизм-ленинизмди, тишибиз өтпөгөн сабактарды жаттап жүрсөк, Жоке сабакта лекция жазбай, ыр жазып, кыялга батып, өз дүйнөсү менен болуп, эң арткы партада куркуйган башын катып, поэзия, ыр дүйнөсү менен алек болуп отурчу. Же түнү менен китеп окуп, сабакка барбай, же китепканадан башы чыкпай, андан келатып пивоканага чалынып, же бир вино көтөрүп келип, курсташтары Дүйшөн, Барчынбек, Молдосалим болуп аны бөлө тартып, кийинки курстагы балдарды кайра виного жумшап, аларды тамашалап, шылдыңдап, ырсалактап, оозун басып күлүп калчу. Анан да ал тубаса маданияттуу, ак сөөк жан эле. Эл сыяктуу санын чаап, каткырып күлбөй, сыпайы, оозун жаап, сүлкүлдөп күлчү. Атайын куудулданбаса деле отурган жерде элдин боорун эзип айлананы күлкүгө бөлөчү. Окуудан дайыма эки сабактан карызы болор эле. Дене тарбия менен чет тили сабагын жек көрчү. Мен англис тили тобунда окуп, сен немис тилинен "айн, свайн, немис тилинин энесин урайын" деп коюп Абилова деген эжейге жакпай, андан деканыбыз Сансызбай Иманалиев агайдын айкөлдүгү менен зачёт алганың да кызык болгон. Эжей агайга сен тууралуу арызданып жатса, агай кайра эжейге: "Айланайын Калыйкан, сен өзүң Германияны көрбөй туруп эле немис тилин окутуп жатпайсыңбы, Зарлыкбеков Германияда аскердик кызмат өтөп келген. Билгенинен "айн, свайн..." деп жатат да, зачёт коюп берип кой, стипендиядан куру калбасын байкуш бала", - деп чын дилинен сага күйүп эжейдин жанын кашайткан эле. Эжей эмне дээрин билбей күйүп-бышып, аргасыздан күлгөнүн өзүң кайра жомок кылып бизге айтып, факультетке жайып жиберген элең. Анан Германияны укмуштай жомоктой кылып сүрөттөп, мактачусуң. Ошол өлкөдө жүк ташуучу аскердик машинаны зуулдатып айдаганыңды айтчусуң.

Студент кезинде эле «Кыргызстан маданияты» жумалыгына корректор болуп орношуп, адабият чөйрөсүнө да бат алынып, окууну бүтөрү менен ошол учурдагы эң таасирдүү «Ленинчил жаш» гезитине кабарчы болуп, далайдын ичин күйгүзүп журналистикага баш-оту менен кирип, ырын өгөй катындын баласындай каралбай калганын көрүп “биздин замандын бир мыкты акыны эрте «өлүп баратат» деп койдум эле. Кийин да Жокенин өзүнө да далай жолу: “Ырыңды таштаба, китебиңди чыгар”, - деп айттым. Сен каза болгон 2016-жылы университетти бүткөнүбүзгө 30 жыл болмок. Тайпалаштар бир чогулуп өткөн-кеткенди эскерип, Жокенин ал-абалын сурап, бир черди жазалы деген тилек бар эле, аттиң арман... Ал алыска чурканган дулдул күлүк аттай, арыбас аргымактай эле. Аны далай редакторлор «минип» кызматын көрүп, гезиттин баа-баркын көтөртүп, анан «бул көп ичет экен» дешип итке салып берип, четке чыга беришер эле. Жаш баладай энөө, жан дүйнөң таза эле. Элди туурап, айланасындагы “карышкырларды” көрүп карышкыр болгусу келчү, түлкүдөй жойлогон, тиги жээкти, бул жээкти бирдей жайлаган алчы-таасын жеген журналисттерди көрүп ал дагы түлкүдөй болгусу келчү. Бирок карышкыр да, түлкү да боло албады. Коңкоюп, редактору “сок” дегенди согуп, “тузда” дегенди туздап жазып, өзү азабын тартып жүргөн учурлары көп болду. Бир карасаң абдан назик, абдан сыпайы, жоош жан эле. Сыртыңдан жоош, момун көрүнгөнүң менен ички дүйнөң буркан-шаркан кайнаган жылма тентек, шок элең. Бирок тили калемпирдей курч, болоттой өткүр, макалалары чучукка жеткидей таамай. Кезинде кыргыз журналистикасын жаңы деңгээлге көтөрүп, далай гезиттин жүзүн ачкан күжүрмөн калемгер элең. Гезит суудай, уудай, калайыкка күндө жарык чачып, далай энергияны соргон “кара куюндай” экен. Сен иштебеген деле гезит калбаптыр. «Кыргызстан маданияты», «Ленинчил жаш», "Жаштык жарчысы", «Эркин тоо», «Асаба», "Агым”, "Бишкек таймс", «Аалам», "Де-Факто" гезиттеринин майын чыгарып, арасында чайналдың... "Күндө жазсаң күндө жок, күндө гезит жеп коёт" болуп жүрүп “аттиң” деп арман кылып, бармак тиштеп акыры өкүнүп да жүрдүң... Гезиттердин күнүмдүк тегирменинде айланып, күлгүн жаштыгы, ырлары артта калып, элүүдөн ашса дагы бир китебин чыгара албай арманда кете берди. Анан дагы бир китеби жарык көрбөй туруп СССРдин жазуучулар союзуна мүчө болгон жалгыз акын сен болдуң, Жоке! Анан дагы мыкты котормочу элең. Гейненин, Стаффтын, Рилькенин жана башка классиктердин ырларын кыргызча сүйлөттүң эле.

"Турар" басмасынын директору Тилек Мураталиев досубуз сенин чыгармачылыгыңды баалап демөөрчүлүк кылып ырдан, кара сөздөн турган жыйнагыңды чыгарып берүүгө убада кылса дагы кенебей же оорунун айынан чыгынып барбай, буга чейин термелеп жазгандарың эки килейген китеп болуп, жарык көрбөй жетимсиреп артыңда кала берди. Ушуга да мойнуң жар бербей, чыгынбай койгон экенсиң. Билем, сенин далай ырларың жоголуп, ар кайсы редакцияда калып кетти. Окуп жүргөндө эле илхам келип калганда гезиттердин актай четине же китептин актай булуң-бурчуна ырларыңды жазып калар элең. “Жоголгон бычактын сабы алтын” дегендей, кээ бир табылбай калган чыгармаларыңа менин деле ичим ооруп, кейип калам. Сенин публицистикалык макалаларың, котормолоруң деле эки-үч китеп болмок. Алдаганды билбейт элең, элди туурап бизнес кылам деп банктан насыя алып, банкрот болуп, бир бөлмөлүү батириңди алдырып карыздан араң кутулганыңды айтчусуң. Сыртка чыгарбай, ичиңен эле өзүңдү кыйнай берген, өзүңдү-өзүң жей берген адатың бар эле. Көр тириликте көйгөйүң көп болчу. Байып кетем деп кокусунан алдамчыларга туш болуп калып, үйүңдү барымтага коё салып акча алып берип, аның качып кетип, банктан алган акчанын пайызы өсүп анын азабын далай тарттың. Бир жолу гезит базарынан карп-курп жолугуп калдык. Кызуу экенсиң, «мен дагы эл сыяктуу токол алдым. Жаш жеңең уул төрөп берди. Жакында тааныштырам», - дедиң эле. Мен ылайым ошондой болгой эле деп: “Сендей жигиттен тукум калганы жакшы болуптур”, - деп чын дилимден кубангам. Бирок ал деле өзүңдү-өзүң сооротконуң, өзүңдү-өзүң алдаганың окшойт. Ошондой эле болсо деген үмүтүмдү өчүрбөй жүрөм. Балага зар болуп, ичтен сызып, бул тууралуу жан кишиге айтпай, арманың ичиңде кете берди окшойт, Жоке. Ушуларга кейип ичимдиктен күчүңдү чыгарып, сени сарсанаа жеп койду көрүнөт. Чачылган, чабылган сага Асия жеңе гана түттү окшойт. Куркулдайдын уясындай болгон бөлмөсүндө дүйнөлүк акындардын китептери батпай, Асия жеңеден далай тил угуп колуңан китеп түшпөй жүрөр элең. Жокени баары тамашалап, шылдыңдап күлүшөт эле. Бирок анын кылы кыйшайбай мыйыгынан жылмайып койчу. Адамгерчилигиң бийик, жаркылдаган жакшы жан элең. Айтор, чабылып, чачылып жүргөн учурларың көп болду. Сен жаратылыштын кубулуштарын укмуштай чебер сүрөттөп, ыр тизмектерине шөкөттөйт элең. Ал ар бир макаласын кыргыздын нукура жалпак тили менен жазып өзүн эң мыкты журналист экенин далилдеди. “Ичи кыжыр, сырты жоош, Жолдошбек деген жакшы “айбан”, - деп калемдеши акын Нуралы Капаров айтып калчу. Ырды окурмандарга жөн эле суна койбой, сөздөргө аябай маани берип, шөкөттөп берчүсүң. Ар бир ырыңа чоң талап менен карап, кайра-кайра оңдоп, ийине жеткире иштемейинче элге жарыялабаган дыйкан акын элең. Акыркы он беш жыл аралыгында өзүңдүн чыгармаларың жакында китеп болуп чыгарын, жердештериң демөөрчү болуп жатканын кайра-кайра сүйүнчүлөп, бирок ал тилегиңе жетпей калганыңа өкүнөм. Көрсө, сендей момун кишилердин өтүмү жок болот экен да. Асия жеңенин айтымында, сенин ырларың эле үч томдук болот го. Бир томдук прозасы да бар экенин эшиткем. Жолдошбек, чынында, кара сөздүн чебери элең. Акырын чымчып, кээде түз эле чокуга согуп Акаевдик бийликти жакшы эле сындап, калыс сөзүң үчүн запкы жеген учурларың болду. Мелис Эшимкановдун гезитин салмактантып тургандардын бири элең. Тилекке каршы, акыркы жылдары оорудан катуу кыйналдың. “Мен ушул убакытты деле өмүрү карабайт экенмин. Шакем (Шайлообек Дүйшеев) “кеттик” деген жакка шалпактап эле ээрчип алып кете берчүмүн. "Менин бүгүн убактым жок" деп айталбайм”, - дечү элең. Сенин убакытыңдын көбү Фрунзенин "Сары-Челегинин" жанында жана Ленин китепканасынын залында өтүп кетпедиби. Анан мончого барганыңды, ал жакта керели кечке жүргөнүңдү, Жамин Акималиев болуп саясаттын баарын ошол жактан сүйлөшкөнүңдү, айда бир жыргап жуунганыңды жомоктой кылып айтчусуң.

Сүрөткер акын элең. Сендей эч ким терең философиялуу ырларды, курч макалаларды жазалбайт го. Сен журналистиканын дыйканы, акындардын төрөсү элең, көзүң тирүү кезде баалап, барктай албадык, кечир бизди… Сен тууралуу эскерүүлөр али алдыда. Сенин жан дүйнөң, чыгармачылыгың, кылык-жоругуң бир-эки баракка батар эмес. Жакында кочкорлук агайын-туугандардын демилгеси, колдоосу менен китептериңди, ыр жыйнактарыңды окуп каларбыз. Жакшы көргөн жездең Алым Токтомушовдун, сүйүктүү редакторуң Мелис Эшимкановдун, устаттарыңдын бири Жигитов Салижан акенин, ага досуң Табыкенин, тайпалаштарыбыз Калийсанын, Гүлбарчындын, Абдылда акенин, Молдосалимдин, Азимдин артынан Жокем да түбөлүк сапарга кете бердиң. Ай Жоке, арманың, жан кишиге айтылбаган сырың ичиңде кетти окшойт.

Аргасыздан эскерүү жазган бирге окуган курбуң Кабыл Макешов