Коом
“Электрондук лицензиялоо” маалыматтык системасы тесттик режимде иштей баштады
Элита плюс
Сентябрь 22, 2020 г.
“Электрондук лицензиялоо” маалыматтык системасы тесттик режимде иштей баштады
© Элита плюс

Билим берүү тармагында “Электрондук лицензиялоо” маалыматтык системасы тесттик режимде иштей баштады. Окуу жайлардын ишмердүүлүгүнө уруксат алуу үчүн электрондук форматта 132 кайрылуу жасалды. Лицензияга ээ болууда эми тиешелүү документтердин баары аталган тутум аркылуу аралыктан кабыл алынат. Билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзө турган тарап министрликтен лицензия алышы керек. Ал үчүн топ документтерди чогултуу талап кылынат. Бул айрыкча алыс аймакта жашагандарга түйшүк жаратып келген. Мындан улам “Электрондук лицензиялоо” маалымат тутуму ишке кирди. Долбоор ишке киргенден бери лицензияга ээ болуу үчүн электрондук форматта 132 кайрылуу жасалган. Буга чейин берилген лицензиялар да камтылып, система “Түндүк” мекемелер аралык тутумуна кошулган. Бул билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзгөн тараптарды убара тарттырбай, тиешелүү документтерди башка мамлекеттик органдардан түз алууга мүмкүнчүлүк түзөт. Пандемия билим берүү тармагында да санарип баалуулуктары өзгөчө мааниге ээ экенин көрсөттү. Онлайн окутуу менен бирге билим алуунун акысын төлөө да аралыктан аткарылып жатат. Санариптик трансформация билим берүү тармагындагы кызмат көрсөтүүлөрдү жеткиликтүү кылууга көмөктөшөт деген ишеним менен ишке ашырылууда. Буга чейин мектеп жана мектепке чейинки мекемелерде колдонулган электрондук кезек ыкмасы санариптешүү багытындагы ийгиликтүү долбоор катары каралып келген. Ал эми соңку ирет ишке кирген “Электрондук лицензиялоо” тутуму азырынча сыноо иретинде иштеп жатат. Анын айрым кемчиликтери табылып, адистер тарабынан оңдолууда.