Саясат
Элчи Эркинбек Осоев Япониянын императору Нарухитого ишеним грамотасын тапшырды
Элита плюс
Май 31, 2023 г.
Элчи Эркинбек Осоев Япониянын императору Нарухитого ишеним грамотасын тапшырды
© Элита плюс

Кыргызстандын Япониядагы элчиси Эркинбек Осоевдин Япониянын азыркы императору Нарухитого ишеним грамотасын тапшырды.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушууда император Нарухито жылуу саламдашып, Кыргызстандын элчисин кызмат өтөөгө киришкендиги менен куттуктап, Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы мамилелерди бекемдөөгө багытталган жооптуу жана маанилүү миссияны аткарууда ийгилик каалады.

Ал эми Эркинбек Осоев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун куттуктоо сөзүн айтып, Жапаровдун Японияга боло турган сапарын белгилеп, кыргыз тарабы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты арттыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экендигин билдирди.

Мындан тышкары, элчи ишеним грамоталарын тапшыруу аземине катышкан Япониянын экономика жана фискалдык саясат боюнча мамлекеттик министри Гото Шигеюки менен жолугушту.

Тараптар кыргыз-япон мамилелеринин абалы жана бардык багыттарында өз ара мамилелерди мындан ары да тереңдетүү боюнча пикир алмашты.