Жаңыл Мырза, Кыз Сайкал өңдүү кыргыздын баатыр кыздарынын изин улаган айымдардын бар экени улут сыймыгына татыйт. Жаа атуу жана андагы кызыктар туурасында жаачы кыздардын жетекчиси менен маек курдук.
-Нурнуска айым, жаа атуу өнөрүнө кандайча кызыгып калгансыз?
-Бул кокустук. 39 жашымда “Салбуурун” федерациясында Көчмөндөр оюнуна даярданып жатып жаа атууга кызыгып калдым. Кызыгуу жараткан жаа тармагынан алгач атайын сабак алдым. Андан соң, Ош шаарында өтө турган фестивалга 7 дубандан жаачы кыздарды тандап, жаачы айымдар менен иштешип калдым. Учурда биздин федерацияда 15 кыз жаа атуу өнөрүн өркүндөтүү аракетинде.
-Жаа атуучу кыздарды кандай талаптар менен кабыл аласыздар?
-Бул өнөргө кызыкдар кыздар өздөрү келип жазылып турушат. Мындай өнөргө кызыккан айымдар көп экенин байкаган соң, былтыр Бишкек шаарына жаа атуу боюнча мектеп ачтым. Ал жерде 7 жаштан 70 жашка чейинки кыз-келиндер атайын машыктыруучулардан сабак алып, ар кандай фестивалдарда элге талантын тартуулап келишет.
-Кыз–келиндерге жаачы болуу үчүн кандай сапаттар талап кылынат?
-Биринчиден, кыздарыбыз моралдык жактан, андан соң физикалык жактан күчтүү болуусу керек. Экинчиден, жоопкерчилик талап кылынат. Себеби, жаа атууда биз жаратылыш койнунда болобуз. Аба-ырайы суук, ысык болот. Буга туруштук бере алуу гана жаа атуудагы ийгиликке алып келет. Ал эми эл арасында жүргөн соң өзүн туура алып жүрүүнү да кыздарга үйрөтөбүз. Бир жолку жаа атуу 15 кг жүктү тартканга барабар. Жоопкерчиликтүү дегеним, бул курал, элден, жаш балдардан абайлап, сактык менен жүрүү керек. Ойду топтой алганы-адамдын аң-сезими бир орунда болгондо гана ийгиликке жете алат. Кыздарды алгач кабыл алганыбызда аларда мындай сапаттар боло бербегендиктен, аларды акырындык менен жогорудагы сапаттарга тарбиялайбыз.
-Буту менен жаа аткан айымдар да барбы? Иш учурундагы кызыктуу окуялардан айта кетсеңиз?
-Аида Ахматова аттуу кызыбыз буту менен жаа атат. Учурда ат үстүндө жаа атууну өздөштүрүүдө. Ал эми кызыктуу учур көп ирет кайталанып турат. Мисалы, кыздардын жаа атып жатканын көргөн мырзалар: “Андай эмес, минтип атат” деп колго жаа кармап калышат. Бирок, анын сырын билбегендиктен өздөрү ата албай калган учурда кыздарга күлкү болушат. Сыртынан оңой көрүнгөнү менен жаа кармоо, аны түз атуу оңой иш эмес.
-Ийгилик жараткан жаачы айымдарга токтолсок?
-Жеңишти багындырган айымдарыбыз көп. Алардын бири Асель Садырова. Жаа атуу сынагынан Украинада 1-орунду, Казакстанда 2-орунду камсыздап, учурда Венгрия, Кытайга жол тартуу алдында. Асель көптөгөн сынактарга жигердүү катышып, биринчиликти бербей келет.
-Үй-бүлөңүз сиздин жаа атууңузга кандай карайт?
-Учурда үй-бүлөлүүмүн. Жолдошум Гуламидин Рыспеков да спортко кызыгы күч болгон үчүн Бишкек шаарындагы биздин окуу борборунун ачылышына салым кошуп, өзү демөөрчүлүк кылды. 2 уул, 1 кыздын энесимин. Уулум менен кызым менин командамда. 39 жашымда кызыгуу арттырган жаа атуу өнөрүн жолдошумдун колдоосу артында аркалап келем. “Ийгиликтүү мырзанын артында күчтүү айым турат” деген кепти тескерисинче айткым келет. Анткени, айымдардын ийгиликке жетишине жолдошунун колдоосу аба менен суудай керек.