Спорт
Айсулуу ТЫНЫБЕКОВА, Кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер: “Кубанганда же кайгырганда кагаз бетин чиймелеп, ыр жазам”
Элита плюс
Март 23, 2020 г.
Айсулуу ТЫНЫБЕКОВА, Кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер:   “Кубанганда же кайгырганда кагаз бетин чиймелеп, ыр жазам”
© Элита плюс
Айсулуу ТЫНЫБЕКОВА, Кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер:   “Кубанганда же кайгырганда кагаз бетин чиймелеп, ыр жазам”
© Элита плюс
Айсулуу ТЫНЫБЕКОВА, Кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер:   “Кубанганда же кайгырганда кагаз бетин чиймелеп, ыр жазам”
© Элита плюс
Айсулуу ТЫНЫБЕКОВА, Кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер:   “Кубанганда же кайгырганда кагаз бетин чиймелеп, ыр жазам”
© Элита плюс
Айсулуу ТЫНЫБЕКОВА, Кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер:   “Кубанганда же кайгырганда кагаз бетин чиймелеп, ыр жазам”
© Элита плюс
Айсулуу ТЫНЫБЕКОВА, Кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер:   “Кубанганда же кайгырганда кагаз бетин чиймелеп, ыр жазам”
© Элита плюс

Айсулуу өлкө тарыхында кыз-келиндер арасындагы эркин күрөштөн дүйнө чемпионатынын коло медалын тагынып, олимпиадага 2 ирет катышып, Азия оюндарында чемпион болгон, Азиянын алтын медалын эки ирет уткан алгачкы карлыгач. “Даңк” медалынын ээси.

Маалымат

Кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер 25 жаштагы Айсулуу Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында төрөлүп, балалыгы Кочкор районундагы Теңдик айылында өткөн. Айсулуу 5 бир тууган: эки эжеси, агасы, иниси бар. Ал алгач каратэ-до менен машыгып, 2008-жылы кыз-келиндердин эркин күрөшүн тандап алган. Эл аралык Гран-При турнирлеринин көп жолку жеңүүчүсү. 2012-жылы Лондон олимпиадасына катышып, анда жаштык кылып койгон. 2014-жылы Азия оюндарынын коло медалын уткан. 2016-жылы Азия чемпиону аталган. Бүткүл дүйнөлүк студенттердин Универсиадасынын жана Азия оюндарынын коло медаль ээси. 2016-жылы жазда Астанадагы Азиялык олимпиадалык турнирде финалда жеңишке жетип, Рио олимпиадасына жолдомо жеңип алган. Айсулуу Риодо Кыргызстандын намысын коргоп, ийгилик жаратып, кыргыз желегин көктө желбиретип, гимн ойнотууну бийик максат кылган. Тилекке каршы, коло байге үчүн күч сынашууда алгач утуп жатып, марага 8 секунд калганда индиялык атаандашына алдырып коюп арманда калган. Ал кайрадан кайраттанып, былтыр Индонезияда өткөн Азия оюндарынын алтын медалына арзыды. О.э Азиянын 2 ирет чемпиону аталып, Баку шаарында өткөн Ислам тилектештик оюндарынын алтын байгесин уткан. 2017-жылы Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттардагы Азия оюндарында 2-орунду ээлеген. 2017-жылы Францияда өткөн дүйнө чемпионатынын коло байгесин багындырды. Анын мындай ийгиликтерге жетүүсүнө зор салым кошкон Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Нурбек Изабеков.

-Айсулуу, ата-энеңиз сиздин спортчу болушуңузду кандай кабыл алышты эле?

-Ата-энем ден-соолукту баалаган, калктын саламаттыгы үчүн камкордук кылган дарыгер адамдар. Атам Болот санитардык дарыгер болуп иштейт, апам болсо менден кийинки кичүү инимди төрөгөндөн кийин үй-тиричилиги менен алектенип калган. Атам да спорт, футбол күйөрманы, апам жаш кезинде волейбол, баскетболду мыкты ойночу экен. Ошондуктан, алар менин спортту тандап алышыма каршы болушпай, колдоо көрсөтүп, чыныгы күйөрманым болуп, ар дайым сүрөөнгө алып келишет.

-Анан спортко кантип келип калдыңыз?

-Балалык кезимен эле жүрөгүм спортту самачу эле. Мен спортчу гана эмес, эл аралык жана дүйнөлүк мелдештерге катышып, эл сыймыгы болсом деп кыялданып, бул тилегиме кантип жетүүнү дегдеп жүрчүмүн. Жеңиштерим тууралуу гезит-журналдар жазып, теле-радиодо баяндалса, Кыргыз туусун көтөрүп, дүйнө жүзүн кыдырып, мекенимди таанытсам деп кыялданып, көз алдыма элестетчүмүн. Балалык кезимдеги кыялдар орундалып, тилегим акырындык менен кабыл болуп келатат. Ошондуктан жаштарга, кыздарга айтаарым кыялданып, өзүңөрдүн бийик максатыңарга жетүүгө аракет кылгыла. Биз жашап жүргөн Теңдик айылында күрөш ийрими жок эле. Ошондой болсо дагы жан-дүйнөмө тынчтык бербеген албуут сезим менен өз алдымча машыга баштагам. Спортко болгон сүйүүнү биздин үй-бүлөдөн апамдан башталган деп ойлойм. Ал спортко жакын болгондуктан, бизди дене тарбиянын алгачкы башаты менен тааныштырды. Айылда спорт аянтчалары жана стадиондор жок болгонуна байланыштуу биз үй-бүлөбүз менен талаада чуркап, машыгар элек. Биздин үй-бүлөдө таң эрте чуркоо адат болуп калган. Мен 8- класска чейин баскетбол боюнча мектеп курама командасынын капитаны болгом.

-Сиз алгач чыгыш өнөрү каратэ-до менен машыкканыңыз тууралуу айткан элеңиз, анан кандайча кыз-келиндер эркин күрөшү арбап алды?

-9-класста райондун борбору Кочкор айылына барып, ал жерде каратэ-до боюнча ийрим бар экенин билип, бир жылдай чыгыш өнөрү менен машыктым. Бир жылдан кийин кыз-келиндер эркин күрөшү да бар экенин угуп, өзүмдү сынап көрүүнү чечкем. Мен жашымдан бери кыздай назик болбой, балдар менен чогуу ойноп, алар менен күрөшө берчүмүн. Мектепте окуп жүргөндө коомдук иштерге да активдүү катышып, спорттук мелдештердин демилгечиси болуп, жаным тынчу эмес. Байкем да мени колдоп, үйдө шарт болбой, күрөш килеми жок болгондуктан, биз матрацтарды жерге салып алып күрөшчүбүз. Байкем жана классташым менин чоң спортко болгон жолумду ачып, алар себепкер болушкан. Байкемден эркин күрөш ыкмаларын үйрөнүп, алгач Нарын облусунун жеңүүчүсү болгом. Ошондон тарта эркин күрөшкө тагдырымды арнап, ысык-суугуна чыдап, бирде жеңип, бирде жеңилип, алдыга бийик максаттарды коюп, олимпиада, дүйнө чемпиону болсом деп келем.

-Кочкордо жүрсөңүз мындай ийгиликтер болбойт эле. Анан чоң спорттун эшигин кантип ачтыңыз?

-Апам бизди эркин, намыскөй, чечкиндүү болууга тарбиялап, эч качан «жок» деп айтчу эмес. Бизге “жасай турган ишти өз убагында кылбаганыңар үчүн кийин өкүнүп калбагыла, максатыңарга жеткиле” деп айтып шыктандырып турат. Нарын шаарындагы мелдештен байгелүү болуп үйгө келген соң «күрөш менен чындап машыгуу үчүн Бишкекке келем» дедим. Апам «кыз киши да күрөшмөк беле, андай сөздү экинчи мага угузба» деп каршы болот го десем, кайра ал мени колдоп, Бишкекке барып, машыгуу керектигин бышыктап, колдоого алган. Ошол учурда республиканын чемпионатына бир жума убакыт калган эле, мен болсо Кыргыз Улуттук университетинин 6-корпусундагы залда Түгөлбай Базакечевден машыккам. Бул 2009-жылы 1-жолку республикалык масштабдагы мелдешке катышып жаткан убакта болгон эле. Анда мен 2-орунду ээлеп, маанайым чөгүп, айылга кетмек болгом. Кийин менин күрөшкө болгон шыгымды, жөндөмүмдү машыктыруучулар байкап, жакшылап машыгуу керектигин айтып, Бишкекке чакырышкан.

  • Аламан байгеге чабылган күлүктү таптап, сүрөөнгө алган саяпкери болот эмеспи. Анан сиз белгилүү устат Нурбек Изабековго кантип жолугуп калдыңыз?

-Эркин күрөшкө болгон дилгирлигим жан-дүйнөмө тынчтык бербей, машыктыруучуларды караштыра баштадым. Мага эл аралык даражадагы машыктыруучу керек болуп, чеберчилигимди өстүрүүнү максат кылдым. Бир жылдай издөө жыйынтык берип, тагдыр өзүмдүн чыныгы устатым Нурбек агайга жолуктурду. Ал менин машыгып жатканымды көрүп, «биргелешип иштейли» деп сунуштап, кеңешип, оюбуз бир жерден чыкты. 2010-жылдан бери биз бир туугандай болуп, чогуу иштеп, ийгиликтерди четинен багынтып келатабыз.

-Ортоңордо түшүнбөстүк учурлар дагы болуп турган беле?

-Бул турмушта ар кандай учурлар, сыноолор боло берет. Бирок, эң негизгиси биз бири- бирибизди кыймыл-аракеттен, көз карашыбыздан жана жарым сөздөн түшүнөбүз. Кудайдын буйругу менен Нурбек агайга жолукканыма терең ыраазымын. Андан көп тажрыйба алдым, чеберчилигим өстү. Көп адамдар менен жолуктум, бирок, мен ал агайыма гана ишенем. Ал келечекте жакшы жыйынтыктарды көрсөтө аларымды байкап, арык, кичинекей кыздан мыкты балбан чыгаарына ишенип, мени таптап, чыныгы устат катары гана эмес, бир тууган агамдай кеп-кеңешин берип, кыйын күндөрү колдоого алып, ар дайым жанымда жүрөт. Ал түгүл бир-эки жыл агайдын үйүндө да жашадым. Адам катары калыптанышыма агай салым кошуп, жаштык кылып жаңылыштык кетиргенимди кечирип, каталыктарымды оңдоп, кеп-кеңешин берип келет. Ар бир эле машыктыруучу спортчунун шык-жөндөмүн, талантын Нурбек агайдай баалап, көрө албайт го дейм. Агайды чыныгы саяпкер, чыгаан устат десем жарашат. Себеби, мен сыяктуу бир нече таланттуу жаш балбан кыздарды машыктырып, кыздардын кыял-жоруктарына чыдап, атабыздай камкордук көрүп, колдоого алып келатканы эле не деген эрдик, чыдамкайлык.

-Сиз адабий тилде сүйлөп, маегибизди улам кызыктуу кылып баратасыз? Бул дагы агайыңыздын таасиринен уламбы же бир аз «чымыныңыз» да барбы? Сизди ыр жазат деп угуп калдым эле?

  • Көркөм адабиятка да кызыгам. Спортчулар китеп окубайт дешет го. Бирок, мен бош убактымда китеп окуйм. Мурдагы жылы кыз-келиндер эркин күрөш федерациябыздын вице-президенти Байгазы Кенжебаев агай мага залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын толук 8 томдук жыйнагын белек кылган. Бул мен үчүн абдан баалуу белек болуп, Айтматовдун «дүйнөсүнө» чөмүлүп, бардык чыгармаларын окуп чыктым. Мындан сырткары, өзүмдүн да сиз айткандай анча мынча талантым бар. Кубанганда же кайгырганда өзүм менен өзүм болуп, кагаз бетин чиймелеп, ыр жаза коем. Бирок, ырларымды эч кимге көрсөтө элекмин, бул жөн гана хоббим. Анан да сүрөт тартканга кызыгам. Нурбек агайым “спорттук психология тууралуу да китептерди оку” деп сунуштаган. Күрөш учурунда өзүңдү токтоо, салмактуу кармаш үчүн психологиялык жактан дагы даярданып турам. Спортчулар гана эмес, ар бир адам жашоосуна анализ кылып, өзүн тартипке салып туруш керек деп ойлойм. 1-классымдан берки жашоомо анализ жасап, кылган иштеримди көзөмөлдөп келем. Андагы ыкмам – күндөлүк жазуу. Ойлонуп артыкчылык, кемчиликтеримдин баарын кагазга түшүрөм. Орус мектепти аяктагандыктан ойлорумду дайыма орус тилинде жазам. Ошондо ойлорум кагаз бетине жеңил, толук жана даана түшөт. Өзүм менен өзүм сүйлөшкөндө да орус тилин пайдаланам.

– Көп суммадагы акча менен башка мамлекетке чакыруу болсо, сиздин жообуңуз кандай болот?

– Андай сунуштар башынан эле болуп келет. Айрыкча Казакстан, Түркия азыркыга чейин өзүнө чакыруусун токтото элек. А мен кичинекей кезимден акчаны арткы орундарга коюп келем. Намыскөй кызмын, укмуш чоң сумма сунушталса да бир гана “жок” деген жооп айтам. Мен үчүн элимдин мага арткан ишеничи артык. Кудайга шүгүр, биздин мамлекеттин камсыздоосу да жаман эмес. Куру койгон жок. Быйылтан баштап ай сайын 60 миң сомдон стипендия ала баштадым. Мага канча мүмкүнчүлүк берилсе, анын ар биринде Кыргызстандын желегин желбиретүүгө аракет кыла берем.

-Сиз спорттун ысык-суугун баштан кечирген айым катары, кийин өзүңүздүн балдарыңызды да чоң спортко бересизби?

-Ооба, спорт деген таалим-тарбиянын чоң мектеби, адам катары калыптандыруунун турмуштук университети. Ошондуктан, кудай буйурса келечекте мен өзүмдүн балдарымдын каалоосу боюнча чоң спортко берем. Бирок, эгер алардын каалоосу жок болсо, анда «мойнунан байлаган ит ууга жарабайт» дегендей, убара болуунун зарылдыгы жок. Аманчылык болсо мен балдарымды спортко тарбиялоо жана ден-соолугун чыңдоо, эл-журт намысына жарап, кыргыз туусун көтөрүү максаты менен берет элем.

-Рио олимпиада оюндарында коло байгени колдон чыгарып жибергениңизге өкүнүп, эми Токио олимпиадасында ошол каталыкты оңдосом деп жатасызбы?

-Ооба, элимдин ишеничин актай албай калганыма абдан өкүнүп, бармак тиштеп жүрөм. Бул менин экинчи Олимпиадам эле. 2012-жылы Лондон олимпиадасы учурунда 19 жашта болуп, анын үстүнө эл-журт билгендей, “кыздарды сабады” деген жалаа менен сот иштери жүдөтүп, даярдык чийки болуп, 7 килограмм салмак түшүрүп, максатыма жетпей арманда калгам. Ал окуяны эстегим да келбейт. Эгерде ошол кыздарды, жигиттери менен кошуп туруп, мен чындап сабай турган болсом, 2 мүнөттө мунжу, майып кылып коет элем. Курбум экөөбүз аларга теңелбей, бизди шылдыңдаганына чыдасак да алар бизге өздөрү биринчи кол салып, урушту баштаган эле. Анан догурунуп, соттон сотко сүйрөп, Лондон олимпиадасына даярдыгым үзгүлтүккө учураган. Бирок, 2016-жылкы Рио олимпиадасына биз жоопкерчиликтүү даярданып, машыгууларды үзгүлтүккө учураткан жокпуз. Мен үчүн Рио олимпиадасы-чоң сыноо жана эл алдындагы жоопкерчилик эле. 1-2-таймашууларда күч-кубатымды көбүрөөк коротуп койгон окшойм. Индиялык атаандашымды утуп жатып, акыркы секунддарда байкоосуздан алдырып койдум. Өзүм куулук-шумдукту билбеген жаным, аны жаныма жолотпой түртүп туруп алсам болмок. Анан дагы калыс килемдин ортосуна баргыча эле ышкырып, мелдешти улантып жиберип, шашмалык кылып утулуп калдым. Анда менин денем эмес, жан дүйнөм ооруду, ыза болдум. 2018-жылы Индонезияда Азия оюндарында ошол индиялык балбанды жеңип, алтын медаль тагындым. Быйыл Казакстандын борбору Астана шаарында спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионаты болуп, мында жеңүүчүлөргө жана 5-орунду ээлегендерге Токио олимпиадасына жолдомолор ыйгарылат. Мындан тышкары да олимпиадага жолдомо алуучу мелдештер болот. Эми чындап кетирген каталыктарымды талдап, эске алуу менен, 2020-жылкы Токио олимпиадасына жолдомо алып, байгелүү орундарды багынтсам деп тилек кылып, даярдык көрүп жатам. Жакында эле Францияда өткөн эл аралык Гран-при турниринин баш байгесин жеңип келдим.

-Айсулуу, сизге кыргызстандык спорт күйөрмандарынын атынан 8-Март айымдардын эл аралык майрамы менен куттуктап, 2020-жылы Токиодо ийгилик жаратууңузду каалайбыз.

Кабыл МАКЕШОВ, спорттук баяндамачы