Коом
Эл өкүлү Аида Касымалиеванын анализи таза чыкты
Элита плюс
Март 26, 2020 г.
Эл өкүлү Аида Касымалиеванын анализи таза чыкты
© Элита плюс

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиеванын экинчи жолку 14 күндүк карантинден кийин тапшырган анализи таза чыкты. Вице-спикер Аида Камчыбековна өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына “Экинчи жыйынтыктоочу анализим да таза чыкты. Коронавирус жок. 14 күн үй карантини да бүгүн соңуна чыкты. Онлайн да көп жумуштарды аткарууга аракеттенип жаттым, эми алдыда - жумуш көп. Буйруса, баарыбыз биргеликте жеңебиз" деп жазды. Эске салсак, эл өкүлү Аида Касымалиева Германияга иш сапары менен барып, бирок, кырдаалга жараша кайра бир күндөн кийин 13-мартта Германиядан Бишкек шаарына учуп келген. Ал жана кесиптештери Кыргызстанга кайтып келген соң үй карантинге алынган.