Аймактар
Эл эмгектен эскерсин. Саламат Сагынбаев жөнүндө
Элита плюс
Март 26, 2020 г.
Эл эмгектен эскерсин. Саламат Сагынбаев жөнүндө
© Элита плюс
Эл эмгектен эскерсин. Саламат Сагынбаев жөнүндө
© Элита плюс
Эл эмгектен эскерсин. Саламат Сагынбаев жөнүндө
© Элита плюс
Эл эмгектен эскерсин. Саламат Сагынбаев жөнүндө
© Элита плюс
Эл эмгектен эскерсин. Саламат Сагынбаев жөнүндө
© Элита плюс

Ишин өтө сүйүп, өзгөчө чыгармачыл өспүрүм улан-кыздарды колдоп, “шакирттерим” дегенде ичкен ашын жерге койгон, Маданияттын мыкты кызматкери Саламат Сагынбаев учурда арабызда жок. Анткен менен бул инсандын жаркын элеси эч убакта, элинин, жакындарынын, окуучуларынын эсинен кетпейт.

Саламат Сагынбаев 1953-жылы 24-ноябрда Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылында төрөлгөн. 1970-ж. Ак-Суудагы Кара-Жал орто мектебин аяктап, 1970-1973-ж.ж. Ак-Суу районунун ХХ-партсьезд атындагы колхозунда шофёр болуп иштеген. 1973-1975-ж.ж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1975-1976-жылдары өзү аяктаган Кара-Жал мектебине мугалим болгон. 1976-1980-ж.ж. Пржевальск шаарындагы Мамлекеттик музыкалык окуу жайын хордун дирижёру жана музыкалык мектептердин теория сабактары боюнча мугалими адистигин бүтүргөн. 1980-81ж.ж. Түп райондук балдар музыкалык мектебинде мугалим болуп иштеп, 1981-ж. Ак-Суу райондук балдар музыкалык мектебине директор болуп которулган. 1988-ж. Ак-Суу райондук маданият үйүнүн «Боз-Салкын» элдик ыр-бий ансамблинин хормейстери болгон. 1992-ж. хормейстерлик кесиптен Ак-Суу маданият үйүнүн директору болуп дайындалып, бир мезгилде Ак-Суу райондук балдар музыкалык мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы милдетин аткарып, 1994-ж. кайрадан Ак-Суу райондук балдар музыкалык мектебинин директору болуп шайланган. Аталган мектепте өмүрүнүн аягына чейин кызмат кылган. Андан тышкары 1981-жылдан көз жумганга чейин «Боз-Салкын» элдик ыр-бий ансамблинин хормейстери болуп эмгектенген. Жогорудагы эмгектери үчүн район, область тарабынан көптөгөн сыйлык баракчалары, медалдар, дипломдор менен сыйланган. 1985-ж. Москвадан Бүткүл дүйнөлүк жаштардын, студенттердин ХII фестивалынын дипломанты, ушул эле жылы Улуу Ата Мекендик согуштун 40 жылдыгына арналган Бүткүл союздук кароо-сынактын лауреаты (медаль), Эл чыгармачылыгынын республикалык II-фестивалынын лауреаты (медаль), Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын 70-жылдыгына арналган Бүткүл союздук «Товарищ пеня» телеконкурсунун, Бүткүл союздук Ленин комсомолу жаштар союзунун (1989-ж), Эл чыгармачылыгынын Бүткүл союздук III-фестивалынын лауреаты (медаль). 1987-жылы Москвадагы Кыргыз Республикасынын ВДНХ өткөн маданият күндөрүнүн катышуучусу, ошол эле жылы Ливия мамлекетинде өткөн Эл аралык фестивалда (грамота), 1990-жылы Турцияда өткөн Эл аралык фольклордук фестивалдын катышуучусу, 1995-жылы өткөн «Манас» эпосунун 1000 жылдыгынын Юбилейлик медалы, 2000-жылы «Элге билим берүүнүн отличниги» төш белгиси менен сыйланып, Маданияттын мыкты кызматкери наамына ээ болгон. 2015-жылы 23-майда 62 жашында шум ажал арабыздан алып кетти.

Гүлмира КАПТАГАЕВА, жубайы, “Боз салкын” элдик ансамблинин кызматкери:

“Уулум жок, уулдуу болбой калдым” дечү эмес”

-Саламат экөөбүз 1980-жылы таанышып, анда мен Түп районундагы дүкөндө, Саламат музыкалык мектепте иштечү. Беш айдан кийин эле ала качып кеткен. 1981-жылы тун кызыбыз төрөлдү. Чогуу түтүн булатып Эльвира, Эльнура, Бурул, Гүлзада аттуу 4 кыздуу болдук. Жолдошумдун жакшы инсан экенин айтып түгөтө албайм. Өмүрүндө бирөөгө тике караган эмес. Керек болсо окутуучуларды аяп, “колдору катып, комуз черте албай кыйналышат” деп ишембиликке чыгарчу эмес. Жалгыз өзү ишембиликке чыкчу. Дем алышты билчү эмес. Кышында өзү отурган жери суук болсо да, мугалимдерге жылыткычын сайып берген камкор жетекчи, кыздарына өзгөчө мамиле жасаган баласаак ата эле. “Боз Салкын” ансамбли менен чет жакка гастролго көп чыкты. Мектептин ремонту үчүн колдон келген аракетин жасап, “жаңы мектеп куруп алсак, балдар кыйналбайт эле” деп чоңдордун артынан чуркап эле жүрдү. Тилекке каршы, ал тилегине жеткен жок. Алты бир туугандын үчүнчүсү эле. Жолдошумдун бир да жолу “Уулум жок, уулдуу болбой калдым” деген арманын уккан жокмун. Төрт кызы менен сыймыктанчу. Сүрөткө түшкөндү жактырчу эмес. Атайын сүрөткө түшөлү деп баарыбыз даяр болгондо эле Саламатты таппай калчубуз. Ошондон улам, учурда анын жакшы сүрөттөрү жок. Оңураңдап, оройлук көрсөтпөдү. Мага эч качан катуу айткан эмес.

Майрамбек ТАБАЛДИЕВ, Маданияттын мыкты кызматкери, Ак-Суу райондук К.Досмамбетова атындагы балдар музыкалык мектебинин директору:

“Саламат Абдылдаевичтин ишке ашпаган пландарын аткаруу биздин милдет”

-Түптүн Талды-Суу айылынанмын. Төрт жылдан бери аталган балдар музыкалык мектебинде жетекчилик кылып келем. Бул мектеп 1974-жылы уюшулган экен. Бирок, имараты кайсы жылы курулганы боюнча архивден так маалымат ала алган жокпуз. Эски имараттардын бири. Мектепте комуз, гитара, фортепиано, баян, хор, фольклор бөлүмдөрү бар. Саламат Абдылдаевич бул мектепке бүт өмүрүн арнады. Мен 1999-жылы Каракол шаарындагы Ы.Туманов атындагы музыкалык окуу жайга тапшырып, Бурул деген кызы менен чогуу окудум. Кийин билимибизди жогорулатуу максатында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин музыка кафедрасында окуганбыз. Ошондо Саламат Абдылдаевич ал жерден бизге сабак өтчү. 2010-жылы агайымдын кызына баш кошуп, күйөө бала болуп, мамилебиз мурдагыдан да жакындап, бири-бирибиздин сырыбызды жакшы билип калганбыз. Бул инсан тууралуу айта берсем сөз жетпейт. Каза болоорун сезгендей мени бул мектепке убактылуу жетекчи кылып дайындап, өзү ооруканага жатты. Ага чейин мектептин отчеттук концертин берүүгө камданып жүргөнбүз. 22-майда мектептин отчеттук концертин өткөрдүк. Ооруканада жатып концерттин мыкты өткөнүн угуп, төбөсү көккө жеткендей кубанды. Ошол күндүн эртеси эле каза болду. Отчеттук концерттин өтүшүн эле күтүп жүргөн го деген ойдо калдым. Ошентип агайымдын да, атамдын да ордунда калып, ишти эмнеден баштоону билбей, ары ойлонуп, бери ойлонуп атып бир папкасын таап алдым. Анда пландар толугу менен жазылып, сааттарды кандай бөлүштүрүү керектиги, баары жазылган экен. Атайын даярдап жазып кеткендей туюлду. Ал папканын жардамы менен ишти жеңил алып кеттим. Мүнөзү өтө жумшак, ак көңүл, мээнеткеч адам эле. Мектеп үчүн бардык шарттарды түзүп, көп иш жасады. Эми буйруса агайдын демилгеси менен жаңы мектеп куруу планын карап жатабыз. Саламат Абдылдаевичтин ишке ашпаган пландарын аткаруу биздин милдет.

Бурул САГЫНБАЕВА, кызы, Маданияттын мыкты кызматкери:

“Ийгиликтерге жетишээримде атам түшүмө кирет”

  • Кичинемден Ак-Суу райондук балдар музыкалык мектебинен билим алсам, 2001-жылдан бери Музыкалык училищага окууга тапшыргандан тартып бул мектепте окутуучу болуп эмгектенип келем. Алгач ирет комуз кармаганды үйрөткөн мугалимим атам болгон. Атам ар тараптуу талант ээси болгондуктан комузда, кыякта, фортепианодо, баянда ойночу. Ал тургай окуучуларыма бий үйрөтүп сабак өтүп жатсам атам бийди да түшүнүп: “бул кыймылды мындай кылсаң” деп кошумчалап кетээр эле. Музыкалык мектептен тышкары “Боз Салкында” иштеп дүйнө кезип концерттерди коюп келишчү. Кээде “Келечекте КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер болсом” деп кыялданып калаар эле. Кесиптештери: “Сырттагы сынактарга катышуу үчүн абдан даярданчубуз. Ошондо комузду, кыякты тынбай бир күн кечке чертип берип тургандыктан манжаларынын учтары жооруп, канап кетчү” дешет. Жумушун абдан сүйгөндүктөн мектепке таң атпай келээр эле. “Кызым, сен таланттуусуң, музыкадан билим ал. Музыканын жашоодо орду чоң. Аны сүйгөндөр жан дүйнөсү таза адамдар” деп мени чыгармачылыкка сүйрөгөн атам болгон. Атам мугалимим да, кесиптешим да болгондуктан экөөбүз бирге өткөргөн мүнөттөр көп болгон экен. Ар дайым колдоп, жакшы бир ийгиликтерге жетишээримде кычырап жаңы костюм-шымын кийип алып түшүмө кирет. Түшүмдөн кийин окуучулар менен конкурстардан жеңишке жетем. Ошондуктан, атам кирген түшүмдү жакшылыкка жоруйм. Аруужан КАНАТБЕК кызы