Ийгилик сыры
Эл башына күн түшкөндө караңгыдан жол тапкан кыздарыбыз көп болсун
Элита плюс
Июль 05, 2020 г.
Эл башына күн түшкөндө караңгыдан жол тапкан кыздарыбыз көп болсун
© Элита плюс
Эл башына күн түшкөндө караңгыдан жол тапкан кыздарыбыз көп болсун
© Элита плюс

Элди убайымга салган коронавирус илдети күч алгандан күч алууда. Мындай оор кырдаалда ар ким өз  чөнтөгүнө жана өз деңгээлине жараша элине кызмат кылууга жан үрөп атат. Ушундан улам ырчы Анжелика айым жаман илдет менен күрөшүүгө өз салымын кошууга ниеттенип, илдетке кабылган адамдарга жардам берүү максатында эсеп ачып, бардык кайдыгер эмес, патриот инсандарды жардамга чакырган. Кече Анжелика айым 85 миң доллар акча каражатын ырчылар, блогерлер жана башка кайдыгер эмес мекендештерибиз менен бирдикте чогултуп, ага 200дөй кычкылтек концентраторуна заказ кылганын өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жүктөдү. Эмне дейбиз. Эл башына күн түшкөндө караңгыдан жол тапкан Анжеликадай кыздарыбыз көп болсун деген тилектебиз.