Коом
Эл аралык террористтик уюмдун активдүү жактоочусу кармалды
Элита плюс
Март 30, 2023 г.
Эл аралык террористтик уюмдун активдүү жактоочусу кармалды
© Элита плюс

Эл аралык террористтик уюмдун активдүү жактоочусу, 28 жаштагы А.К. аттуу Жалал-Абад шаарынын тургуну кармалды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, ал мурда Коргоо министрлигинин атайын бөлүмдөрүндө кызмат өтөгөн.

Кармалган А.К. 2022-жылдын аягында Кыргызстандан чыгып кетип, эл аралык террористтик уюмдун тарабында куралдуу кагылышууларга катышуу үчүн Сирияга кирүүгө аракет кылган.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 37-256-беренесинин 2-бөлүмү (“Кылмыш жасоого аракеттенүү” - “КР жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү”) боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган адам УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө абагына киргизилди.

Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.