Коом
Эл аралык кылмыштуу схема аныкталды
Элита плюс
Сентябрь 09, 2020 г.
Эл аралык кылмыштуу схема аныкталды
© Элита плюс
Эл аралык кылмыштуу схема аныкталды
© Элита плюс

Өлкөгө транспорттук каражаттарды мыйзамсыз ташып кирүү боюнча эл аралык туруктуу кылмыштуу схема ачыкталды. Бажы кызматы тарабынан транспорттук каражаттарды мыйзамсыз ташуу боюнча 113 материал табылган жана фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Муну менен бирге мамлекеттин бюджетине келтирилген зыяндын жалпы суммасы 258 млн 544 миң сомду түзгөн. Үчүнчү өлкөлөрдө транспорттук каражаттарды сатып алган учурда, эл аралык кылмыштуу топтун мүчөлөрү транспорттук каражаттын идентификациялык маалыматтарын ЕАЭБге мүчө-мамлекеттин аймагында турган башка кылмыштуу топтун мүчөсүнө Интернет аркылуу жөнөтүшкөн. Алар өз кезегинде ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин Транспорттук каражаттарын каттоо жөнүндө жасалма күбөлүктү жана башка документтерди даярдашкан. Андан кийин документтер Кыргызстанга жөнөтүлгөн жана ушул жасалма документтердин негизинде транспорттук каражаттарды өлкө аймагына иш жүзүндө өткөрбөстөн жана аларга иш жүзүндө кароо жүргүзбөстөн, мамлекеттик каттоо органынын айрым акниетсиз кызматтык адамдарынын катышуусу менен алгачкы каттоо жүргүзүлгөн жана мамлекеттик каттоо номерлүү белгиси жана Кыргыз Республикасынын Каттоо жөнүндө күбөлүгү алынган. Андан ары мамлекеттик номерлүү белгилери жана Каттоо жөнүндө күбөлүк үчүнчү өлкөлөрдө турган эл аралык кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө жөнөтүлгөн жана мамлекеттик номерлүү белгиси жана Кыргызстандын Транспорттук каражаттарды каттоо жөнүндө күбөлүгү бар транспорттук каражаттар ЕАЭБдин товары катары ЕАЭБдин аймагына тоскоолдуксуз өткөрүлүп турган. Айрым учурда жасалма декларациянын негизинде жок адамдарга, анын ичинде камак жайларында отурган адамдарга транспорттук каражаттарды мыйзамсыз катталган фактысы дагы болгон. Табылган фактылар боюнча материалдар Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилген.