Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун алгачкы жарлыгы экс-президент тууралуу болду.
Жарлыкка ылайык:
-Сооронбай Жээнбеков өмүрүнүн аягына чейин мамлекеттин эсебинен бөлүнгөн жан сакчылар менен жүрөт.
-Сооронбай Жээнбековго жана үй-бүлөсүнө мамлекеттин эсебинен медициналык кызмат көрсөтүлөт.
-Сооронбай Жээнбековго өмүрүнүн аягына чейин Президенттин айлыгынын көлөмүнүн 75 пайызы төлөнөт. Президенттин айлыгы жогорулаган сайын, Сооронбай Жээнбековдун айлыгы дагы көбөйүп турат.
-Сооронбай Жээнбековго өмүрүнүн аягына чейин «Ала Арча» резиденциясынан мамлекеттик үй бөлүнөт. Ошондой эле резиденциядагы расмий залдарга акысыз иш-чараларды, жолугушууларды өткөрө алат.
-Сооронбай Жээнбековго байланыш кызматтары мамлекеттин эсебинен төлөнөт жана аэропорт, автовокзал, темир жол вокзалдарын дагы акысыз пайдалана алат.
-Сооронбай Жээнбеков кол тийбестик укугуна ээ болду. Ал президент кезинде аткарган же аткарбаган иштери үчүн жоопко тартылбайт. Ошондой эле аны кармаганга, камаганга, тинткенге, суракка алганга болбойт.